Сколиоз (омуртка тутумунун кыйшайышы )

Википедия дан
Сколиоз

Сколиоз- (грек тилинен σκολιός — «кыйшык», лат. scoliōsis)-омуртка тутумунун түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр. Чоң кишинин омуртка тутумунун алдын (моюн, бел лордозу) жана артын карай (кифоз) ийилген жерлери болот. Омуртка тутумунун мындай түзүлүшү бала отуруп, туруп баса баштаганда калыптанат. Омуртка тутуму бир капталын карай (сколиоз), алдыга (лордоз), артка (кифов) кыйшаюусу мүмкүн. Омуртка тутумунун бир капталына кыйшаюусу (сколиоз) өтө көп кезигет. Мында көбүнчө омуртка тутумунун жогору жагы кыйшаят (кифосколиоз). Сколиоз сөөк өсүп жаткан мезгилде өтө байкалып, көбүнчө окуучуларда жолугат. Анын өөрчүшүнө итий, начар тамактануу, дененин начар өөрчүшү түрткү берет. Ичтеги баланын туура эмес өөрчүшүндө тубаса сколиоз пайда болот. Сколиозго кандайдыр бир оору (итий, полиомиелит, туберкулёз, плеврит, радикулит жана башкалар), травма (омуртка сынганда), келбетти туура эмес алып жүрүү, бир бут экинчисинен кыска болушу (физиологиялык сколиоз), баланын партада туура эмес отурушу, китеп кабын дайыма бир колдо көтөрүп жүрүүсү, баланы дайыма бир колунан жетелөө түрткү берет. Узак убакыт бир абалда болгон скрипкачылар, өтүкчүлөрдө кесипке байланыштуу сколиоз пайда болот.[1]

Омуртка тутумунун туура эмес отуруудан пайда болгон кыйшаюусу.

Моюн кыйшайышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыйшык моюн — моюндун бир тарабындагы булчуңдардын жана башка ткандардын тартылышынын, моюн омурткаларынын кыйшайышынын жана оорусунун натыйжасында баштын туура эмес абалда турушу. Кыйшык моюн көбүнчө тубаса — баланын жатында туура эмес өсүшүндө, кыйын төрөт убагында баланын моюн ткандарынын кокусташынын, ошондой эле күйүктөн, жарааттан, сезгенүү процесстеринен кийин болгон тырыктардын тартылып калышына байланыштуу да болот. Моюн булчуңу жабыркаган тарапка баш кыйшайып, ээк көтөрүңкү болуп карама-каршы тарапка бурулат. Мында баштын кыймылы азайып, бирок оорутпайт. Тубаса кыйшык моюн бала төрөлгөндөн кийин эле билинет; эгер дарылоо эрте башталбаса, акырындык менен моюн омурткалары, бет кыйшаят. Ошондуктан кыйшык моюн белгилери байкалар замат врачка кайрылуу керек.

Түзөтүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түзөтүү бала эки ай болгондо башталат; кийин башты түзөтүүнү, моюн массажын жана айыктыруу физкультурасынын ыкмаларын үйрөнүп алып, баланын энеси жасаса болот. Аны жасоодо оң жагы кыйшык болгондо оң колду ээкке, сол колду желкеге коюп, ээкти моюн булчуңу тартылып кыскарган жагын көздөй буруп, башты карама-каршы тарапты карай тартат (сол жак кыйшайганда тескерисинче жасалат).

Өтө байкалган кыйшык моюн.
Өтө байкалган кыйшык моюн.

Ушул абалда бир нече секунда кармап туруу керек. Мындай көнүгүүнү күнүнө 4—5 жолу (5 —10 мин.) кайталоо сунуш кылынат. Биринчи жолу врачтын көзөмөлүндө жасалат. Бул көнүгүүлөрдөн кийин баланын моюнун акырын сыйпап массаж жасап, андан кийин моюнга жылуу басуу пайдалуу. Мындай дарылоону узакка — кыйшаюу толук түзөлгөнгө чейин бир нече айлап жасоо керек.

Дарылоо мезгили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоо мезгилинде баланы уктатканда кроватка башын соо жагына оодара жаткызуу зарыл. Ушул эле максат менен баланын соо жагын киши баскан жакка каратып жаткызат, ошондой эле керебеттин ошол тарабына ар кандай түстүү оюнчуктарды илип койсо болот. Кээде аны хирургиялык жол менен дарылайт. Операциядан кийин ата-энеси врачтын көзөмөлүндө дарылоо гимнастикасын жана массажды жасоону улантат.

Сколиоздун стадиялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сколиоздун башталышында отурганда бел булчуңдары тез талыйт. Ал бир аз эс алганда эле тарайт (бул биринчи стадиясы). Экинчи стадиясында омуртка такай кыйшайып, көкүрөк клеткасынын формасы бузулат. Омуртканын кыймылы азаят. Булчуңдар жана кабырга арасы ооруйт (невралгия). Сколиоз өтө күчөгөндө ички органдардын жайгашуусу бузулуп, функциясы начарлайт. Бул кишинин эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготот.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сколиозду дарылоого караганда алдын алуу жеңил. Анын биринчи белгилери байкалганда эле, балага омуртканын кыйшайган жагына аз күч келүүчү тийиштүү режим уюштурулат. Врач сунуш кылган физкультура көнүгүүлөрүн, массаж, кыймылдуу оюндарды так аткаруу керек. Тубаса сколиозду эрте байкоо, дарылоодо врачтын көрсөтмөлөрүн кылдат аткаруу жакшы натыйжа берет.
Балдар сколиозун алдын алууда түз төшөккө жатуу, партага туура отуруу, сабак даярдаган жерге жарыктын туура түшүүсү, таза абада болуу, туура тамактануу, жетиштүү уктоо, эртең менен гимнастика жасоонун мааниси чоң. Кесипке жараша болгон сколиозду алдын алууда эмгек менен эс алууну туура уюштуруу, жумуш убагында тыныгуу, спортко катышуу, жалпы организмди жана булчуңду чыңдоо негизги роль ойнойт. Бут кыска болгондо пайда болгон сколиозду алдын алуу үчүн атайын ортопедиялык бут кийим, аппарат кийип жүрүү керек.

Омуртка тутумунун капталга кыйшаюусун алдын алуу үчүн гимнастикалык көнүгүүлөр комплекси: 1— буттун учуна туруп, колду жогору көтөрүп, манжаларын чиркештирип, улам бир капталга чайпалгыла; 2— бутту далынын кеңдигиндей коюп эки колду тең ылдый түшүрүп туруп бир колду колтукту көздөй көтөрүп, экинчи колду бутту көздөй жылдырып, ошол тарапка эңкейгиле (экинчи тарапты көздөй кайталагыла). 3— бутту далынын кеңдигинде коюп, эки колду тең төмөн түшүрүп, бир колду жогору көтөрүп, эки колду тең артка силккиле, колду улам алмаштырып, бир нече жолу жасагыла. 4— бутту далынын кеңдигинде коюп бир колду жогору көтөрүп, экинчи капталга ийилип, ал капталдагы колду артка кайыргыла, улам бир колду алмаштырып бир нече жолу кайталагыла; 5— омуртканын кыйшайбаган тарабын тепкичке каратып туруп, бир колу менен төмөнкү, бир колу менен жогорку тепкичтен кармап, тепкич тарапка ийилгиле; 6— тизелеп туруп, колду бөйрөккө таянып, экинчи колду жогору көтөрүп, карама-каршы тарапка ийилгиле, колду алмаштырып экинчи капталга ийилгиле; 7— көмкөрөсүнөн жатып колду капталга ыргытып, ошол эле мезгилде чалкалагыла; 8— көмкөрөсүнөн жатып, колду жана башты, ошол эле мезгилде бир бутту жогору көтөргүлө; улам бир бут менен бир нече жолу кайталагыла; 9— колго таяк алып көмкөрөдөн жаткыла, таякты эки кол менен жогору көтөрүп, кайра ордуна алып келгиле; 10— эмгектеген абалда туруп, улам бир колду жогору көтөрүп, ошол эле мезгилде карама-каршы бутту артка сунуп, өйдө көтөргүлө. Бут менен колду улам алмаштырып, бир нече жолу кайталагыла. 11— тизелеп бутту баса, эки кол менен жер таяна отуруп, бир колду өйдө көтөрүп, карама-каршы бутту артка сунгула. Кол менен бутту улам алмаштырып, бир нече жолу кайталагыла; 12— кол менен жер таяна тизелеп туруп, улам бир колду жогору көтөрүп, колдун учун карап денени бургула, улам бир кол менен бир нече жолу кайталагыла; 13—14 (1— жана 2— моменттери) — тизелеп, кол менен таянып туруп эки колду тең алдыны карай жылдырып, кайра ордуна алып келгиле; 15— тепкичте омуртка тутуму кыйшайган тараптагы кол менен асылып тургула; 16— эки колду тең алдыга кетирип, тизелеп жөрмөлөгүлө; 17— тизелеп туруп, улам бир колду алдыга сунуп, ошол эле жак бутту тартып жөрмөлөгүлө; 18— омуртка тутуму кыйшайган тарапка жантайма отургучка отуруп, бир кол менен бөйрөктү таянып, экинчи кол менен (омуртка кыйшайган тараптагы) кежигени кармагыла; 19— омуртка тутуму кыйшайган тарапка жантайма отургучка отуруп, омуртка кыйшайбаган тарапка ийилгиле; 20— (акыркы көнүгүү) чалкадан жатып, колду денени бойлото түз сунгула.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Омуртканын тутумунун кыйшайышын бул түрүн дарылоодо омуртканын формасын түзөөчү атайын гимнастикалык көнүгүүлөр врачтын же методисттин көзөмөлүндө жасалат. Андан сырткары корсет кийүү сунуш кылынат. Өтө күчөгөн сколиоздо хирургиялык операция талап кылынат.
Омуртка тутумунун артка кыйшайышы (кифоз) көкүрөк туштагы омурткада болуп, ар кандай ооруларда (туберкулёз, итий, сынык) кифоз пайда болот, ал омуртканын башка бөлүгүндө да болушу мүмкүн. Дого сымал кифоз демейде көкүрөк омурткаларында болуп (бүкүр), ал келбетти гана бузбастан дем алууну да начарлатат. Омуртка тутуму туберкулёздон жабыркаса (Спондилит), омуртканын көкүрөк тушу бүкүрөйүп чыгат. Мында омурткалар кысылып, бой кыскарат, төш алдыга чыгат. Бул өзгөрүүлөр ички органдардын функциясын бузат. Туберкулёз спондилитин өз убагында дарыласа бүкүр болбой эле айыгат. Көп учурда туберкулёзду өз убагында дарылаган менен спондилитти кеч дарылап бүкүр болуп калышат. Мындай бүкүрлүктү хирургиялык операция жасап да айыктырууга мүмкүн эмес.
Кифозду дарылоо, алдын алуу сколиоздукундай.

Туберкулёздон жабыркаган омуртка тутумунун кыйшайышы.

Омуртка тутумунун алдыга кыйшайышы (лордоз) демейде бел туштагы физиологиялык ийилген жерде өөрчүйт. Лордозго келбетти туура эмес алып жүрүү (жалпак далы), омуртканын кээ бир оорулары, курсакка майдын өтө чогулушу себеп болот. Лордоздо омурткалардын формасы бузулуп, ооруйт, кыймылы азаят. Лордозду көбүнчө ички органдардын (карын, ичеги, бөйрөк) түшүшү коштойт да, алардын иши начарлайт.
Дарылоодо анын себебин жоготуп, гимнастика жана массаж сунуш кылынат. Бандаж кийүү ички органдардын ишин жакшыртып, ич булчуңдарын чыңдоого түрткү берет. Омуртка тутумунун кыйшайышынын бардык түрүн алдын алууда сөөк, муун ооруларын убагында дарылоо, балдарды келбетти туура алып жүрүүгө үйрөтүү, күн сайын гимнастика жасоо маанилүү.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. Сколиоз: белгилери, себептери, дарылоо