Скоулз Майрон

Википедия дан
Скоулз Майрон (2009)

Скоулз Майрон 1941-ж. Калифорнияда төрөлгөн.

1969-ж. Чикаго университетинде философиянын доктору болгон.

Негизги эмгеги: «Тандоону жана корпоративдик милдеттерди баалоо» (1973-ж.), 1973-ж. БлекСкоулздун формуласы деп аталган ыкманы жаратышкан. Ал формула туунду баалуу кагаздардын наркын аныктоого пайдаланылган. Туунду баалуу кагаздар катары фьючестер, опциондор, варранттар, своптор ж.у.с. аталат.

Туунду баалуу кагаздардын наркы товардын, валютанын же баалуу кагаздардын баасынын күтүлгөн өзгөрүүлөрү менен аныкталат. Демек, бул баалар, негизинен, өтө абстракттуу түшүнүк. Ошондуктан деривативдер менен соода жүргүзүү өтө эле тобокелдүү иш. Кээде ал катастрофага алып келиши ыктымал. Бул схеманын ийгиликтүү иштешинин негизги шарты - деривативдердин туура бааланышы. Мына ошол максатта, бүгүн миңдеген трейдерлер жана инвесторлор Жогорку методду күндөн-күнгө пайдаланышууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9