Скрептер

Википедия дан

Скрептер (англ, scrape - тырмоо) -

1) жер казгыч-транспорт машинасы. Скрептердин жумуш аткаргыч органы - чөмүчү жердин үстүңкү бетин катмарлап сыйрып, түртүп барып, айдешке тегет же тегиздейт. Скрептер тартуу күчү, жүктөө жана түшүрүү ыкмалары, чөмүчтүн параметри, кыймылга келтиргичинин түрү ж. б. белгилери боюнча бөлүнөт. Топуракты сыйрып шилее үчүн Скрептердин чөмүчү төмөн түшүрүлүп, алга жылдырылат. Курулушта, негизинен жер тегиздөө иштеринде, тоо-кен өнөр жайнда ж. б. колдонулат. СССРде чыгарылган Скрептер чөмүчүнүн көлөмү 3-25 м3.

2) Жер бетинде, жер астында жана суу түбүндө казуу, ташуу ж. б. иштеринде колдонулуучу аркандуу-скрепер установкасынын жер казгыч органы (чөмүч).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.