Скуби-Ду, кайдасың!

Википедия дан

"Скуби-Ду, кайдасың!" (англ. Scooby-Doo, Where Are You! ) - Ханна Барбаранын продюсерлигинин негизинде тартылган америкалык анимацияланган комедиялуу телесериал. CBS каналы үчүн тартылган сериал, 1969-жылы, 13-сентябрда ишемби күнкү таңкы программада көрсөтүүгө даярдалып, 1970-жылы, 31-октябрга чейин эки сезондо көрсөтүлгөн. 1978-жылы "Скуби-Дунун баардык жылдыздары" (англ. Scooby's All-Stars) жана "Скуби-Ду берүүсү" (англ. The Scooby-Doo Show) чыгарылыштарындагы эпизоддор биригип ABC телеканалында "Скуби-Ду, кайдасың!" деген аталышта көрсөтүлгөн жана кээде бул Скуби-Дунун үчүнчү сезону катары жарнамаланат.

Тасмадагы төрт өспүрүмдүн ролдорун - Фред Жонс, Дефне Блейк, Велма Диңкли жана Норвилл "Шегги" Роджерс жана баш каарман Грейт Дейн аткарган. Бул топ "Сырдуу унаа" деп аталган унаа менен саякатка чыгышып, жергиликтүү сырдуу окуяларга байланыштуу табышмактуу көйгөйлөрдү чечишет. Мындай иш аракеттери менен алар кылмышкердин өз кызыкчылыгы үчүн бул сырдуу окуяны колдонгону жаткандыгын табышат.

"Скуби-Ду, кайдасың!" - бир нече анимацияланган сериал, бир нече тасма жана сериалдардан турган чыгарылыштардын телеберүүдө көп убакыттан бери көрсөтүлүшүнө жана кайрадан жанданышына себепкер болгон.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизоддор тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]