Словендер

Википедия дан

Словендер (хорутандар, карантандар, винддер) - Югославиядагы улут.

Словен тилинде сүйлөйт. Динге ишенгендеринин көбү - католиктер, о. эле протестанттар, православныйлар да бар. Азыркы Словендердин ата-бабалары 6-7-кылымда Ортонку Дунай, Паннония, Чыгыш Альп, Приморье бассейндеринде кецири аймакты мекендеген. Кийин Словендердин жери немис, венгр эзүүчүлөрүнүн бийлигинде болуп, 13-кылымдын аягында австриялык габсбургдарга өткөн.

1918-ж. Словендердин көбү бирдиктүү мамлекетке (1929-жылдан Югославия аталган) кирген. Югославияда элдик демократия түзүлүштүн орношу менен (1945) Словендер социалисттик экономикасын, улуттук маданиятын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алды

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.