Сманбаев, Аман

Википедия дан

Сманбаев, Аман (1934, Нарын району) – Эл агартуунун отличниги (1967), Эмгек сиңирген мугалим (1976), Кыргыз Республикасынын эл мугалими (2002). Нарын шаарындагы Г. Дмитров атындагы педагогикалык окуу жайын (1950), Н. В. Гоголь атындагы мугалимдер институттун (1953), КМУнун кыргыз филология факультетин (1961) бүтүргөн.

Сманбаев 6-класстын «Кыргыз адабияты» окуу китебине авторлош жана «Жат жазуулар жыйнагы» (V–VIII класстар үчүн), «Жат жазуулар жыйнагы» (IX–XI класстар үчүн), “Кыргыздын Ала-Тоосу” деп аталган окуу-колдонмонун автору. Сманбаев 120дан ашык илимий – методикалык колдонмолорду жазып, мектеп тажрыйбасына сунуш кылган. Анын эмгектери өз кезегинде СССР эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө коло медалга татыган. Медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйланган.