Смета

Википедия дан

Смета – 1) бюджеттик укукта бюджеттик уюмдарды (мекемелерди) кармоого каралган каражаттардын көлөмүн, максаттуу багытын жана жыл чейректерине бөлүнүшүн аныктоочу каржылык-пландык акт. Тийиштүү бюджеттен чегерилген каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча бюджеттик уюмдун жетекчисинин укуктары менен милдеттерин, ошондой эле каржы органдарынын бул каражаттарды чегерүү боюнча милдеттерин жана алардын максаттуу пайдаланышын көзөмөлдөө боюнча милдеттерин аныктайт. Ар бири чыгашалардын бир тектүү тобун камтыган жана тыкыр милдеттүү мүнөздөгү статьялардан турат. Камтыган мекемелердин жана иш-чаралардын алкагына жараша жекече С., борборлоштурулган иш-чаралардын С-сы, кошулма С. болуп бөлүнөт; 2) жарандык укукта алдыдагы (күтүлгөн) акчалай чыгашалардын (чыгымдардын) деталдаштырылган планы (эсеби).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]