Смирнов, Борис Васильевич

Википедия дан

Смирнов, Борис Васильевич (1881–1954) – маданий ишмер, «Семетей» эпосуна салым кошкон. Орус сүрөтчүсү Петербург Сүрөтчүлөр Академиясынын студенти С. 1903-ж. Орус географиялык коому тарабынан уюштурулган ил. комплекстүү экспедицияга кошулуп, Кыргызстанга этнограф А. Г. Белинскийлер менен бирге келген. Кыргызстанда жүргүзүлгөн экспедициялык иш анын өмүрүнө жана чыгармачылыгына унутулгус изин калтырат.

Смирнов кыргыз жергесинде жүргөндө ишти Чүй өрөөнүндө жашаган кыргыздардын турмуш-тиричилиги, үрп-адаты, каада-салты, этнографиясы менен жакындан таанышат. Мына ушундай изилдөө ишин жүргүзүүнүн натыйжасында С-дун сөзү менен айткан кыргыздын белгилүү акыны Кенжекарага жолугуп, андан “Семетей” эпосунан “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү” эпизодунан үзүндү жана “Ак-Була” (“Ак-Бала” болушу мүмкүн) поэмасын фонограммага түшүрүп алган. Кенжекаранын кыл кыяктын коштоосунда аткарган чыгармасы сүрөтчүгө зор таасир калтырган. С. “Түркстан талааларында”, “В степьях Туркестана” деген эмгегинде аткарылып жаткан чыгарманын мааниси жана артыкчылыгына мындайча баа берет: “Стихи поются по большей части импровизированные, но известный мотив”. С-дун Кенжекаранын айтуусундагы “Семетей” эпосунан жазып алган фонограммасын Индиана ун-тетинин ил. кызматкери Даниэл Приор бул чыгармага атайын англис тилинде комментарийлеп, Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун Кол жазмалар фондусуна калтырган.

Өткөрүлгөн материалда “Семетейчинин” нотага түшүрүлгөн комментарийи менен кошо магниттик лентасы да бар. Окумуштуу Даниэл Приор Россия Федерациясынын Академиясынын Орус ад. ин-тунда сакталып турган жеринен таанышып, көчүртүп алган. Санкт-Петербург шаарындагы Орус адабият инст-тунда Кенжекаранын “Семетейи” жазылган түп нускасы азыркы күнгө чейин сакталууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3