Смит догмасы

Википедия дан

Смит догмасы - А. Смиттин капиталды кайталап өндүрүү жөнүндөгү теориясы.

Бул теория боюнча коомдун жылдык продуктусунун алмашма наркы жана баасы кирешеге, эмгек акыга, пайдага жана рентага (v + ш) бөлүнөт. А. Смит коомдук продуктунун наркын езгорме капитал менен кошумча наркка гана бөлүп, туруктуу капиталды эсепке алган эмес.

К. Маркс анын бул жобосун Смит догмасы деп атаган. Смиттин бул каталыгы анын товар өндүрүүчү эмгектин эки жактуулугун (к. Товар), абстракттуу эмгек түзгөн жаңы нарк гана кирешеге бөлүнөрүн билбегендигинен чыккан. Нарктын составдык бөлүгү - туруктуу капиталды Смиттин көңүлгө албагандыгы кайталанма өндүрүш процессии туура илимий талдоого тоскоол болгон.

Чындыгында, Маркс көрсөткөндөй, коомдук капиталдын наркы туруктуу жана өзгөрмө капиталдан, ошондой эле кошумча нарктан түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.