Снесарев Андрей Евгеньевич

Википедия дан

Снесарев Андрей Евгеньевич (1865-1937), россиялык жана советтик аскер жетекчиси, генерал-лейтенант, аскер теоретиги, публицист жана педагог, чыгыштаануучу, атактуу аскер географы, котормочу, 1900-ж. ИРГОнун анык мүчөсү. Орто Азиянын географиясы, тарыхы, этнографиясы боюнча ири адис. Орто Азиядагы, Памирдеги (Тоолуу Бадахшан) , Афганистандагы, Индиядагы жашаган калктар жана алардын коомдук-социалдык абалы боюнча эмгектердин автору. Аталган аймактардын физикалык карталарын чийип, кагаз бетине түшүргөн. Аскердик-теоретикалык маанидеги монографияларды жазып, аскер илиминин өнүгүүсүнө өз салымын кошкон окумуштуу. Чет тилдерин билген жогорку интеллектуалдуу А.Е.Снесарев (англис, немец, француз) бир катар китептерди орус тилине которгондугу маалым. А.Е.Снесарев 1865-ж. Новочеркасскиде дин адамынын үй бүлөсүндө туулган. Гимназиядан соң Москва университетинин физика-математика факультетин күмүш медаль менен аяктаган. 1889-ж. Москва пехота училищесин, 1899-ж. Николаев шаарындагы Генералдык штабдын Академиясын аяктаган. Афганистандын, Орус Түркстанынын (Орто Азия), Индияны изилдеп, бул аймактардын аскердик-географиялык карталарын чийген. 1899-ж. Түркстан аскер округунда кызмат өтөп, 1900-ж. Англияга барап, Британ музейинде чыгыштаануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 1902-1903-ж. Памир отрядынын жетекчиси болгон. 1908-ж. Копенгагендеги Ориенталисттердин конгрессинде немис тилинде "Религии и обычаи горцев Западного Памира"; "Пробуждение национального самосознания в Азии" аттуу докладдар менен катышкандыгы белгилүү. Биринчи дүйнөлүк согуштун башынан аягына чейин катышып, дивизия денгээлиндеги аскер бөлүктөрүн жетектеген, каармандыгы үчүн бир катар аскер белгилери менен сыйланган. Совет бийлигин таанып, аскер бөлүктөрүн башкарган. И.Сталин жана К.Ворошиловдордун аскердик билими жок, талантсыз, тоскоолдук жаратуучу адамдар экендигин ачык билдирген. Жаңы түзүлгөн РККАнын убактылуу жетектеген, аскер академияларын курууга, ванда Чыгыштаануу бөлүмдөрүн ачууга жигердүү катышкан. Атуулдук согушка (граждандык согуш) аягына чейин катышкан. РККАнын аскер академиясынын жетекчиси, профессору болуп иштеген. 1930-ж. эки ирет камалып, эки ирет атуу түрмө менен алмаштырылган. И.Сталин жана К.Ворошиловдор жеке өчүн алышкан. И.Сталиндин көрсөтмөсү менен атуу өкүмү он жыл түрмө менен алмаштырылган. Катуу оорууга чалдыккан А.Е.Снесаревду 1934-ж. түрмөдөн бошотушат. 1937-ж. Москвада ооруудан каза болгон.

Эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Краткий очерк Памира.
  2. Северо-индийский театр (военно-географическое описание). В 2 ч. - Ташкент, 1903.
  3. Восточная Бухара. - Ташкент, 1906.
  4. Индия, как главный фактор в Средне-Азиатском вопросе: Взгляд туземцев Индии на англичан и их управление. - СПб., 1906.
  5. Англо-русское соглашение 1907 года.- СПб., 1908.
  6. Военная география России. -СПб., 1910.
  7. Единая военная доктрина // Военное дело. 1920. № 8.
  8. Афганистан. Географическо-политический очерк.- М., 1921.
  9. Введение в военную географию.- М., 1924.
  10. Физическая Индия. -М., 1926.
  11. Этнографическая Индия.- М., 1981.
  12. Философия войны. -М., 2003.
  13. Жизнь и труды Клаузевица. -М., 2007.
  14. Введение в военную географию. -М., Центриздат, 2011.
  15. Письма с фронта: 1914-1917. М.: Кучково поле, Беркут, 2012.
  16. Невероятная Индия: религии, касты, обычаи. М., Ломоносовъ, 2012.- isbn=978-5-91678-109-0
  17. Дневник 1916-1917. -М.: Кучково поле, 2014.

А.Е.Снесаревдун котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Робертсон Дж.С. Кафиры Гиндукуша / Пер. с англ. А. Половцов и А. Снесарев. -Ташкент, 1906.
  2. Бернгарди Ф. О войне будущего / Пер. с нем. под ред. А.Е. Снесарева. -М.: Госиздат, 1921.
  3. Германский устав / Пер. с нем. 1923.
  4. Кюльман Ф. Курс общей тактики по опыту Великой войны / Пер. с франц. под ред. А.Е. Снесарева. М.: Высший военный редакционный совет, 1923.
  5. Фалькенгайн Э., фон. Верховное командование 1914—1916 в его важнейших решениях. В 2 т. / Пер. с нем. А.Е. Снесарева. М.: Высший военный редакционный совет, 1923.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015