Соболев Владимир Степанович

Википедия дан

Соболев Владимир Степанович (17 (30). 5. 1908-ж. т., Луганск, азыркы Ворошиловград) - советтик геолог, СССР ИАнын акад. (1958).

  • Социалисттик Эмгек Баатыры (1978), Ленинград тоо-кен институтун бүткөн (1930).
  • Борб, геология-чалгындоо илимий изилдөө институтунда (1930-41), Иркутск жана Львов университеттеринде, УССР ИАнын Кен байлыктар геологиясы институтунда (Львовдо) иштеген.
  • 1958- жылдан Новосибирск шаарындагы СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн Геология жана геофизика институтунда директордун орун басары.
  • Негизги эмгектери Сибирь платформасынын, Украинанын магма жана метаморфизмделген тоо тектерин изилдөөгө арналган.
  • 1940-ж. Сибирь платформасы менен Түштүк Африка платформасынын геол. түзүлүшүнүн бири бирине жакындыгын, ошонун негизинде Сибирь платформасынын түндүгүндө кимберлит түтүкчөлөрү кездешүү мүмкүнчүлүгүн болжолдоп айткан.
  • Соболев «Силикаттардын минералогиясына кириш сөз» (1949) деген эмгеги үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгын (1950) алган.
  • 1974-жылдан Эл аралык минералогия ассоциациясынын президенти.

Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.