Согон

Википедия дан

Согон (Жапайы пияз), (лат. Allium sativum woril) - көп жылдык жапайы өсүмдүк. Тоолуу райондордо кенири таралган.

Бийиктиги 20-30 см. Түбү сүйрү, бир канча кызгылт кабыктуу, өзөгү ак түстүү. Кадимки пиязга окшош жыттуу өсүмдүк. Ачуулугу, даамы да бирдей болот. Жазгы күн күркүрөгөндөн кийин сүтү чыгып жегиликтүү келет. Августтан баштап казып алса болот. Согонду кыргыздар тамак-ашка татымал катары колдонгон.

Дарылыгы: сүттөп турган кезде айранга туурап жесе ашказан, ичеги-карынды, организмдеги уулуу заттардан тазалап, кандын айланышын жана тамакка болгон табитти жакшыртат. Микробдорду өлтүрөт.

Жарага, көбүргөн, чыйкан чыкса жанчып тартса жакшы жардам берет. Ошондой эле экзема, аллергия, диатезге колдонсо болот. Даярдалышы: сүт кезинде каалаганча жесе болот. Тышкы жараларга жанчып алып, өзөгүн бака жалбырак менен кир самын кошуп аралаштырып тартат. Жарат айыкканча колдонулат.

Маңызын нерв ооруларына күнүнө ачкарын 7 тамчыдан 10-15 күн ичилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9