Согуштук кырдаал жарыялоо

Википедия дан

Согуштук кырдаал жарыялоо - Кандайдыр бир мамлекетте коомдук жашоонун согуштук абалга өтүүсү анын мыйзамдуу негиздерине жана укуктук формалдуулуктарына байланыштуу болот.

Түркиянын согуштук абалга өтүүсү Т.Б.М.М. (Т.М.Ж.П.) тарабынан чыгарылган чечимдерге байланыштуу болот. Түркия Конституциясынын 66-беренесинде согуштук абалды жарыялоо, же болбосо чет өлкөлөргө куралдуу күч жөнөтүү чечими парламенттин эки палатасынын чогуу жыйналышында кабыл алынышы белгиленген. Мындан башка конституциянын 124-беренесинде катуу көзөмөл жана согуштук абал жарыялоодогу колдонулушу керек болгон ыкмалар кеңири жазылган.

Бул берене боюнча: «Согуш башталгандыгын билдирген курч абал жарыяланганда, же мекенге жана мамлекетке каршы аскер күчү аракеттене баштаганда, же болбосо өлкөнүн жана улуттун биримдигин ичтен жана сырттан бузууга аракеттенген жана конституцияда белгиленген демократиялык режимди, негизги укук менен эркиндиктерди бузууга багытталган кооптуу демонстрациялар башталганда Министрлер Кеңеши эки айдан кем эмес убакыт үчүн мамлекетте же кээ бир кооптуу аймактарда катуу көзөмөл жүргүзүүгө буйрук чыгарат жана бул буйрук Т.Б.М.М. (Т.М.Ж.П.) тарабынан бекитилет. Т.Б.М.М. (Т.М.Ж.П.) керектүү учурда көзөмөл убактысын кыскартышы, кээде алып да салышы мүмкүн». Катуу көзөмөлдүн мөөнөтү ар дайым 2 ай болушу мүмкүн.

Бул Т.Б.Б.М. (Т.М.Ж.П.) чечимине байланыштуу болот жана бул чечим эки палатанын жалпы жыйынында кабыл алынат. Катуу көзөмөл убагында же болбосо жалпы эле согуш учурларында кайсы өкүмдөр колдонулат, кайсы иш-чаралар 128 көрүлөт, адам эркиндиги канчалык деңгээлде чектелет же токтотулат, согуштун башталышына себепкер болгон абал кандайча изилденет жана согуш учурунда мекендештерге кайсы өкүмдөр колдонулат деген суроолордун баары мыйзамдуу түрдө чечилиши керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9