Согушуунун тыюу салынган каражаттары

Википедия дан

Согушуунун тыюу салынган каражаттарыэл аралык укук боюнча колдонууга болбой турган каражаттар. Аларды колдонуу аскердик кылмыш же адамзатка каршы кылмыш катары каралат жана юридикалык жоопкерчиликке тартылат.

Артыкча кыйроолорго жана кыйноолорго кириптер кылуучу ок-дарыларды, заттарды жана согуштук аракеттердин усулдарын, ошондой эле жаратылыш чөйрөсүнө мүмкүн болушунча кеңири, олуттуу жана узак мөөнөттүү зыян келтирүүчү же ошондой натыйжа күтүлгөн усулдарды жана каражаттарды колдонууга тыюу салынат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7