Согуш кылмышы

Википедия дан
Согуш кылмыштары‎»‎ барагынан багытталды)

Согуш кылмышыэл аралык укукта согуштун мыйзамдары менен салттарын өзгөчө олуттуу бузуу: өлтүрүү, басылып алынган аймактын жарандык элин кыйноо, кулчулукка жана башка максаттар үчүн алып кетүү; өлтүрүү, же деңиздеги аскер туткундарын же башкаларды кыйноо; кишилерди барымтага алуу жана өлтүрүү; коомдук же жеке менчиктерди талап-тоноо; калктуу конуштарды максатсыз кыйратуу; согуштук зарылдыксыз жакырлантуу; коркунучтуу күчтөр сакталган орнотмолорго жана курулмаларга (атомдук электростанцияларга, суу тосмолоруна, суу түйүндөрүнө) кол салуу; согуш аракеттерин токтоткон адамдарга колсалуу ж. б. С. к-нын тизмеси 1945-жылкы эл аралык аскер трибуналынын Уставынын 6-беренесинде, 1949-жылкы Согуш туткундарына мамиле тууралуу конвенциянын 130-беренесинде жана башка биркатар эларалык актыларда берилген.

Согуш кылмышык бир катар учурларда эл аралык кылмыш катары (кылган жосундары мамлекеттин кылмыштуу иштерине байланыштуу болсо), башка бир шарттарда эл аралык мүнөздөгү кылмыш катары мүнөздөлүүсү мүмкүн; кийинки айтылган кылмыштардын катарына согуш жүрүп жаткан аймакта жеке инсандардын кертбашынын кызыкчылыгында жасаган кээ бир кылмыштары (талап-тоноо, өлтүрүү, басып алынган аймактагы элге кордук көрсөтүү ж.б.) кирет. Алардын мамлекетке эч кандай байланышы жок, тим гана аткаруучулардын чектен чыгуулары. Мындай кылмыш иштери эларалык аскер трибуналында эмес, улуттук аскер сотторунда каралат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7