Эл аралык кылмыш

Википедия дан

Эл аралык кылмыш — эл аралык укуктун ченемдери менен принциптерин адамзат цивилизациясы үчүн өзгөчө коркунучтуу деңгээлде бузуу. Алардын ичинен иш жүзүндө мамлекеттин кылмыштуу саясатын жүзөгө ашырып жаткан кызмат адамынын кылмыштуу жоругу өзгөчө коркунучтуу болуп саналат. Ал кылмыштар үчүн эларалык саясий жана материалдык жоопкерчилик тартуучу булар менен бир катарда, кылмыштуу саясаттын аткаруучулары болушкан мамлекеттин башка жетекчилери, жогорку кызматтагы кишилери жана башкалар анын субъектиси болуп калышат.

Эл аралык кылмыштардын тизмеси биринчи жолу 1945-жылы Эл аралык аскер трибуналынын (ЭАТ) уставында жана 1946-жылкы ушуга эле окшош Ыраакы Чыгыш боюнча уставда түзүлгөн. ЭАТтын уставынын 6-беренесинде алар үч топко: тынчтыкка каршы кылмыш, аскер кылмыштары, адамгерчиликке каршы кылмыштар болуп бөлүнгөн. Аскер кылмышкерлерине жана адамзатка каршы кылмыштарга карата мөөнөттүн эскиргендигин колдонбоо жөнүндөгү 1968-жылкы конвенцияда биринчи жолу адамзатка каршы кылмыш эл аралык кылмыштардын өзүнчө (төртүнчү) тобуна бөлүнгөн. Эл аралык укукта аныкталган эрежелерге ылайык эл аралык кылмыш үчүн жоопкерчилик мамлекеттердин улуттук кылмыш мыйзамдарында да бышыкталат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7