Сойкулукка тартуу
Сойкулукка тартуу – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-актыгына каршы иштелген кылмыш. Аялдарды же эркектерди такай өз денесин сатууга түртүүдөн, аргасыз кылуудан жана козутуудан көрүнөт. Бир ирет акы алуу менен жыныстык катнаш жасоого түртүү сойкулукка тартууга жатпайт жана кылмыш курамын түзбөйт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7