Сокубаш Уулу Сейитказы

Википедия дан

Сокубаш Уулу Сейитказы — зергер. 1903-ж. Аламүдүн районундагы Бек-Тоо айылында төрөлгөн.

Жаштайынан жетимдиктин зардарын тарткан, дудук болгон. Ал Акир Тентимиш уулунан (Кант району, Сары-Жон айылы) жөнөкөй өрүмдөрдү үйрөнүп, ага түстүү металлдардан жаралган шөкөттөрүн чапкан жана устанын «жылан боор өрүм», «терме өрүм», «каз тандай өрүм», «нокору өрүм» өңдүү татаал өрүмдөрүнүн шөкөттөрүн чаап, өнөктөш узанган. Сейитказы мурун кыз-келиндердин зер буюмдарын күйгүзүү менен кармаган. Кийин ортолук устакана уюштуруп «кара уста» аталган. Көбүнчө ат жабдыктарынын шөкөттөрүн кармаган, ээр да чабат. Ал жука жезди же колону, мисти чабылуучу өрүмдүн, кайыктын энине жараша өлчөп, кайчылап кесип алат да, аны кыпчытып, өгөөлөө аркылуу өзүнүн түспөлүнө келтирүү менен «купасын», «тоголок төгөнөгүн», «чагармагын», «сүзмөсүн» (жүзмөсүн), «кошундусун», «солоңдорун» сүйрүрөөк, өзүнчө устанын жекече чеберчилик табын тааный билдиргендей өзгөчөлөп жасайт. Сейитказы устанын чакчасы алыстан таанылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0