Сокулук кенчи

Википедия дан

Сокулук кенчи

1938-жылы Сокулук айылында көпүрө куруу учурунда 0,70–0,80 м тереңдиктен табылган. Анда 17 коло буюм болгон: 3 балта, 3 уңгусу жок керки, 3 көзөөч, 2 найзанын башы, 2 шибеге жана конус түрүндөгү түтүкчө. Сокулук кенчин изилдеген окумуштуу Б. М. Зима ушул сыяктуу буюмдардын Казакстанда, Энесайда, Алтайда кездешерин белгилеп, анын андрон маданиятына тиешелүү экендигин аныктаган.

1958-жылы Сокулук районунан 17 коло орок табылган. Ороктор 1,20 м тереңдикте тобу менен бири-биринин үстүндө жаткан. Окшош буюмдардан турган мындай кенч жергиликтүү усталар жасагандыгынын ошол эле учурда металл иштетүү, соода өнүгө баштагандыгынын далили.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]