Соленоид

Википедия дан

Соленоид (гр. solen - түтүк жана eidos-тур) - цилиндр түрүндөгү бетке изоляцияланган электр тогун өткөргүч зым оролуп жасалган индуктивдүү түрмөк.

Узуну диаметринен кыйла чоң болгон Соленоиддин ички көңдөйүнүн ортоңку бөлүгүндөгү магнит талаасы Соленоиддин огуна параллель багытталган жана бир тектүү; анын чыңалышы токтун күчүнө жана ором санына пропорциялаш.

Ички көңдөйүнө темир өзөк орнотулган Соленоид электр-магнит деп аталат. Ал жүк көтөргүч түзүлүштө, электр кыймылдаткычында, генератордо жана ар кандай электр магнит приборлорунда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.