Соло

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Соло (итал. solo - бирөө, жалгыз)

1. Жалгыз ырчы же аспапта аткаруучунун көп үндүү музыкалык чыгармада хордун, оркестрдин коштоосу менен өз алдынча бөлүнүп аткаруусу.

2. Жалгыз ырчы же аспапта аткаруучуга ылайыкталып жазылган музыкалык чыгарма. Ал коштоо менен же коштоосуз аткарылган. Концерттик жанрда оркестрдин коштоосу жок аткарылган Соло кадепция деп аталат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.