Солтобаев Акматбек

Википедия дан

Солтобаев Акматбек (1929–1978) - жазуучу.

Акматбек Солтобаев Чүй районундагы Ак-Бешим айылында 1929-жылы 10-январда туулган.
1946–1948-жж. февралына чейин Ак-Бешим орто мектебинин 5–7-класстарына тил жана адабияттан сабак берип.
1948-жылы Кыргызстан ЛКЖС Чүй райком комсомолунун экинчи катчысы болуп шайланат.
1950–1951-жж. ошол эле райком комсомолдун биринчи катчысы болуп иштеп, ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук комсомолдук мектепке окууга жиберилип, ден-соолугуна байланыштуу бүтө албай калат.
1952-жылы Кыргызстан КП Чүй райкомунун пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы, v 1954–1960-жж. «Кызыл эгинчил», «Чуйская правда» жана «Чүй правдасы» гезиттерине редактор,
1960–1961-жж. «Чалкан» журналынын жооптуу катчысы, ошол жылы партиянын Чүй райондук комитетинин экинчи катчысы,
1961–1967-жж. «Жаш ленинчи» журналынын редактору, кийин “Кыргызфильм» киностудиясынын директору,
1969-жылдан «Кыргызстан» басмасынын башкы редактору болот.

А.Солтобаевдин биринчи ыры Чүй райондук «Кызыл эгинчил» гезитинде жарыяланып, «Ал күндөрдө» деген пьесасы 1946-жылы мектептин көркөм чыгармачылык коллективинде жана райондук маданият үйүнүн сценасында коюлган. Ырлары, очерктери, репортаждары «Ала-Тоо» журналында, «Советтик Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттеринин беттеринде 1954-жылдан жарыяланып келген.
Ал А.Гайдардын, Е.Казакевичтин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1969-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1959-жылдан СССР Журналисттер Союзунун мүчөсү болгон.
А.Солтобаев ВЛКСМ БКнын Ардак грамоталары, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиу-мунун Ардак грамоталары жана грамоталары менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ырдан чыккан сыр: Аңгемелер. Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1964. – 107 б.

Жерде эрдик түгөнбөйт: Повесть жана аңгемелер. (Мектеп жашындагы тестиер балдар үчүн). – Ф.: Мектеп, 1966. – 117 б.

Бүтпөгөн дептер: Повесть жана аңгемелер. Мектеп жашындагы тестиер балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1967. – 135 б.

Алтын казык: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 168 б.

Бурулча: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 219 б.

Чолок көчөлүк курбулар: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1974. – 185 б.

Орус тилинде

Полярная звезда: Рассказы и повести. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 336 с.

КОТОРМОЛОРУ

Комсомол активистинин спутниги /Котор.: К.Кулматов, А.Солтобаев. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 244 б.

Гайдар А. Жеңилип, жеңип жүргөнбүз: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1970. – 149 б.

Коллектив. Араб аңгемелери. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 197 б.

Василевский A.M. Бүт өмүрүм ишим: Мемуар /Котор.: А.Солтобаев, Ж.Камчыбеков. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 694 б.