Солтобай Токтоболот уулу

Википедия дан

Акын поэзиясынын ири өкүлү. Ал 1834-жылы Ысык-Көлдүн тескейинде туулган. Бугу уруусунун желдең уругунан. Арстанбек менен замандаш, аны устатым деп, пир туткан. Устатынын чыгармаларын эл арасында ырдап жүрчү экен, мисалы, Арстанбек менен казак ырчысы Сүйүмбайдын айтышы Солтобай аркылуу бизге жетти. Эл оозунда калган кепке караганда Солтобай кошок, жоктоо ж.б. жанрдагы салттуу ырларды көп жараткан. Солтобай совет доорунда эскичил, уруу ырчысы эсептелип, анын чыгармачылыгы иликтөө, изилдөө алкагынан четте турган. Солтобай 1918-жылы Каракол уездинин Жууку өрөөнүндө каза болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз поэзиясынын антологиясы. 1 том.(жеткиликсиз шилтеме)

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Боромбайдын керээзи, Шабданды кордогону, Шабданды мактаганы(жеткиликсиз шилтеме)