Сома клеткалары, сома

Википедия дан

Сома клеткалары, сома (гр. sоmа - дене) - көп клеткалуу организмдеги клеткалардын (жыныс клеткаларынан сырткары) жыйындысы. Жыныс жана дене клеткаларын карама-каршы коюу 19-20 кк чегинде А. Вейсман сунуш кылган түйүлдүк плазмасынын теориясы менен байланыштуу. Бул теория боюнча "тукум куума зат" - түйүлдүк плазмасы - жыныс клеткаларында гана кездешет, ал эми калган (дене) клеткаларында көбүнчө түйүлдүк плазмасы жок. Вейсман боюнча, мындан дене жана жыныс клеткаларынын ортосундагы негизги айырмачылык келип чыгат. Дене клеткаларында ар бир ген эки аллелден турса да, жыныс клеткалары сыяктуу эле дене клеткалары да гендердин толук жыйнагын алып жүрөөрү далилденген жана аларды бул маанисинде карама-каршы коюунун кажети жок. Эукариоттук микроорганизмдердеги вегетативдик клеткалар дене клеткаларына окшош.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]