Сонаталык түзүлүш

Википедия дан

Сонаталык түзүлүш - музыкалык чыгарманын түзүлүш түркүмү: айлана-чөйрөнү, диалектикалык көп кырдуу карама-каршы башталышты таасирдүү чагылдыра алган эң татаал жана ийкемдүү гомофондук-гармониялык музыкадагы түзүлүш.

Сонаталык түзүлүш көбүнчө сонаталык, симфониялык циклдин биринчи бөлүмүндө, кээде финалында, экинчи же үчүнчү бөлүмдөрүндө да колдонулат. Сонаталык түзүлүш үч негизги: көрсөтүүчү (экспозиция), иштетүүчү жана кайталоочу (реприза) бөлүктөн турат. Кээде аларда киришүү жана жыйынтыктоочу бөлүктөр (кода) кезигет. Сонатанын көрсөтүү бөлүмүндө (экспозиция) негизги тема башкы партия адатта чыгарманын негизги мазмунун, оюн, идеясын аныктайт. Жардамчы партия (ал БПтемасынан айырмаланып турат жана көбүнчө лирикалык маанайда болот)жана аларды жалгаштыруучу партиялар берилет. Сонатанын иштетүү бөлүмүндө мурун көрсөтүлгөн темалар музыкалык көркөм каражаттар аркылуу өнүктүрүлөт, иштетилет, өзгөртүлөт, өстүрүлөт. Сонатанын кайталоо (реприза) бөлүмүндө бардык темалар негизги тоналдууЛукка топтолот. Чыгарманын айтылуучу ою такталат, жыйынтыкталат. Темаларды өзгөртүү, өстүрүү токтолот, тынчтанат. Кайталоо (реприза) түздөн-түз өзгөртүлбөгөн жана өзгөртүлгөн мүнөздөрдө да кезигет. Кээде Сонаталык түзүлүштүн иштетүү бөлүмү жок же иштетүүнүн ордуна эпизод колдонулган түрлөрү да кезигет (мис., Д. Шостаковичтин «Ленинград симфониясынын» 1-бөлүмүндөгү эпизод).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.