Соната формасы

Википедия дан

Соната формасы - аспаптык музыканын циклсиз формаларынын кеңири өнүккөн түрү.

Ал 18-кылымдагы веналык классиктер Й. Гайдн, Л. Бетховен, В. А. Моцарттын тушунда так композициялык нормаларга ээ болуп, 3 ири бөлүмдөн турган; кириш бөлүм (экспозиция), өзгөртүп иштелме ортоңку бөлүм (разработка) жана кайталоо (реприза).

Кириш бөлүмдө башкы, байланыштыргыч, көмөкчү жана корутунду партиялар болот. Экинчисинде кириш бөлүмдөгү тематикалык материал ыкчам өнүгүп, тоналдуулуктар бири бирин алмаштырат.

Кайталоодо кириш бөлүмдүн материалы (башкы жана кошумча партиялар бир тоналдуулукка келүү менен) кайра кайталанат. Соната формасы соната-циклдуу чыгармалардын (симфония, соната, трио, квартет ж. б.) биринчи бөлүгүндө, о. эле увертюра, поэма ж. б-да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.