Соода

Википедия дан
Gdańsk

Соода - товар жүгүртүүнү, аны өндүрүү чөйрөсүнөн керектөө чөйрөсүнө жеткирүүнү камсыз кылуучу эл чарба тармагы.

Бир мамлекеттин башка мамлекеттер менен соодасы (импорт, экспорт) тышкы сооданы, мамлекеттердин өз ара соодасы эл аралык сооданы түзөт. Бир мамлекет ичинде Соода коомдук зарыл ишти - товарды керектөөчүгө жеткирүүнү аткарат. Ал дүң жана чекене соодага бөлүнөт. Сооданын мүнөзү жана ролу үстүм өндүрүш ыкмасы менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.