Соода жана тарфитер боюнча башкы келишим

Википедия дан

Соода жана тарфитер боюнча башкы келишим, ГАТТ (англ. General Agreement on Tariffs and Trade) — эл аралык соода мамилелерин алдын-ала билүүгө багытталган бажы жана башка чектөөлөрдү жоюу, тарифтик ставкаларды ылдыйлатуу, дүйнөлүк соодадагы дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу жолу менен мүчө мамлекеттердин жашоо деңгээлин көтөрүүгө, жумушсуздукту жоюуга, коопсуздукту камсыздоого багытталган көп тараптуу келишимдердин сериясы.

Милдеттүү түрдөгү эл аралык-укуктук мүнөзгө ээ болгон ГАТТ жөнүндөгү документке Женевада 23 мамлекет кол койгон, күчүнө 1948-ж. кирген. ГАТТ БУУнун атайын агенттиги менен алмаштырылуусу пландалган, бирок кээ бир себептерден улам ал агенттик түзүлбөй калган. ГАТТ дүйнөлүк сооданы либерализациялоодогу эң эффективдүү курал болгон, анын акыркы 50 жылда бир кыйла өнүгүүсүнө түрткү болгон (мис., өнөр-жай продукциясына болгон тарифтер 8 эсе төмөндөгөн).

1995-ж. ГАТТ институционалдык түзүлүшү тагыраак болгон Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) менен алмаштырылган, бирок ГАТТ түрүндөгү жалпы келишимдик негиздерди жана соода раунддарынын (ДСУнун мүчөлөрүнүн жолугушуулары) чечимдерин сактоо менен. Дүйнөлүк сооданы башкарууну жана мониторингдөөнү божомолдогон ДСУ режими биздин Жер шарындагы товар алмашуунун 90%на жайылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8