Сопранолор

Википедия дан

"Сопранолор" (англ. The Sopranos) - Дэвид Чейздин чыгармачылыгына негизделген америкалык кылмыш драмалык телесериал. Окуя ойлонуп табылган персонаж, Ню-Джерсиде жашаган италиялык гангстер Тони Сопранонун (Жеймс Гандолфини) тегерегинде жүрөт. Сериалда анын үй-бүлөлүк жашоосу менен кылмышкердик уюмунун карама-каршы талаптарынын ортосунда баланс кылганга аракет кылгандан келип чыккан кыйынчылыктары сүрөттөлөт. Алар көп учурда психиатр Жениффер Мелфинин (Лоррейн Бракко) дарылоо сеанстары учурунда көрүнүп чыгат. Бул сериалда Тонинин үй-бүлө мүчөлөрү, кызматташтары жана мафия боюнча атаандаштары, көрүнүктүү ролдор жана сюжеттик айкалыштар, биринчи кезекте анын аялы Кармела (Эди Фалько) жана колдоп жүргөн жигити Кристофер Молтисанти (Майкл Империоли) чыгышат.

Сериалдын пилоту 1997-жылы тапшырык алгандан кийин шоу бет ачаары 1998-жылдын 10-июнунда Кошмо Штаттардын HBO кабелдик тармагында көрсөтүлгөн жана 2007-жылдын 10-июнуна чейин 86 сериялуу алты сезон өткөргөн. Андан кийин сериал үлөштүрүлүп, Кошмо Штаттарда A & E каналында жана эл аралык деңгээлде көрсөтүлө баштады. Сопранолор HBO, Chase Films жана Brad Grey Television каналдарында чыкты. Ал негизинен Нью-Йорк шаарында, Күмүш чыны студиясында (Silvercup Studios) жана Нью-Джерсинин бир жеринде тартылган. Бардык тур бою аткаруучу продюсерлер болупДэвид Чейз, Брэд Грей, Робин Грин, Митчелл Берджесс, Илин С. Ландресс, Теренс Винтер жана Мэтью Вайнер жүрүшкөн.

Сопранолор бардык мезгилдин эң улуу телесериалдарынын бири катары саналат. Сериал ошондой эле көптөгөн сыйлыктарды жеңип алган, анын ичинде алгачкы эки сезон ичинде Peabody сыйлыгын, 21 Эмми сыйлыгын жана "Алтын Глобустун" беш премиясы бар. 2000-жылдардагы америкалык популярдуу маданияттын ичинде абдан белгилүү эле, сериал сындык талаш-тартыш жана пародиялардын предмети болгон. Анын негизинде китептер, бир видео оюн, жогору бааланган саундтреки бар альбомдор жана көп сандаган ассортименттеги товарлар чыккан. Шоунун бир нече катышуучулары жана команданын мурда көпчүлүккө белгисиз болгон бирөөлөрү "Сопранолордон" кийин ийгиликтүү карьера жасашкан. 2013-жылы Американын жазуучулар Гильдиясы Сопранолорду бардык мезгилдин эң көркөм телесериалы деп аташкан, ал эми TV Guide бүт мезгилдин мыкты телесериалы деп жарыялаган болучу.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]