Сорбция

Википедия дан

Сорбция – айлана-чөйрөдөн суюктукту же газды катуу нерсенин же суюктуктун жутушу.

Газ фазасындагы затты бардык көлөмү боюнча суюк сорбенттин жутушу абсорбция, затты сорбенттин беттик катмарынын жутушу адсорбция деп аталат. Газ фазасындагы затты катуу нерсенин бардык көлөмү боюнча жутушу окклюзия деп аталат. Суюктуктан кандайдыр бир компонентти башка суюктуктун чыгарып алуусу экстранция делет. Көңдөйлүү нерселердин бууну жутушунда капиллярдуу конденсация кубулушу болуп өтөт. Демейде бир эле мезгилде бир нече Сорбция процесси болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]