Сорокин Анатолий Михайлович

Википедия дан

Сорокин Анатолий Михайлович - жазуучу, драматург.

Анатолий Сорокин Алтай крайынын Хабаровск районунун Мартовка айылында 1939-ж. туулган.
1957-жылы өз айылында-гы орто мектепти,
1959-жылы Троцк техникалык окуу жайын аяктаган, ал окуу жайдан киномеханик адистигин алган.
1962-жылы Алма-Ата кинотехникумун аяктаган.
Эмгек жолун 1957-жылы өз совхозунда эсепчи болуп иштөө менен баш-таган.
1962-1966-жж. Ыраакы Түндүктүн жана Якутиянын алтын өндүрүүчү жерлеринде, андан кийин Курган облусунун Шадринск жана Катай райондорунда кинолоштуруу системасында иштеген.
1967-жылдан тартып А.Сорокин журналистик иште: Долматов районунун «Путь к коммунизму» гезитинде, Молдавиядагы криулян райондук «Победитель» гези-тинде адабий кызматкер,
1971-жылдан тартып Молдавия радиосунда редак-тор болуп иштеген.
1975-1978-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин улук кабарчысы,
1976-1978-жж. КирТАГдын бөлүм башчысы болуп эмгектенген.
1963-жылдан тартып чыгармалары жарыяланып келген.
1985-жылы «Твердь земная» романынын 1-китеби,
1988-жылы – 2-китеби жарыяланган. Ал «Полярная звезда» жана Сибирские огни» журналдарында жарыя-ланган бир катар повесттердин жана аңгемелердин, «И будет судный день» (1984), «Колокол вечного боя» (1985), «Восемь баллов по шкале Рихтера» (1988) пьесаларынын автору. 1987-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ'

Орус тилинде

Твердь земная: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 300 б.

Твердь земная: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 384 б.