Соттолуучу
Көрүнүш
Соттолуучу – кылмыш-жаза процессинде иши сотко өткөрүлгөн айыпталуучу. Соттук териштирүүгө катышууга, четке кагууга жана өтүнүч жасоого, далилдерди келтирүүгө, соттук жарыш сөзгө катышууга, акыркы сөзүн айтууга, соттун өкүмүнө жана чечимине даттанууга акысы бар. С-нун сотко келүүсү милдеттүү. Айыптоо өкүмү чыгарылгандан жана мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин С. соттолгон адам болуп калат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7