Соус

Википедия дан

Соус – 1) сүрөт технологиясында – өтө майда жумшак кара күкүм жана анча көп эмес чаптоочу заттардын кошундусунан турган сүрөт тартуучу материал. 2) С. менен аткарылган сүрөт техникасынын аталышы. Күкүм түрдөгү сүрөт чүпүрөк же сүрткүч­түн (растушканын) жардамы менен кагазга сүртүлөт, деталлдарын кээде италия карандашы менен тартып алышат. Сууланышкан сүрөт техникасы деген сүрөт соустун суудагы эритиндиси менен жебилгенин жардамы аркылуу жүргүзүлөт, бул ыкма менен тартылган сүрөт кийинки бекемдөөнү талап кылбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]