Мазмунга өтүү

Софронов Анемподист Иванович

Википедия дан

Софронов Анемподист Иванович (2 (14). 11, 1886, Якутобл., Ботурус улусу-24. 10. 1935, Якутск) - якут совет жазуучусу.

  • Өз алдынча билим алган.
  • Чыгармалары 1912-жылдан жарыялана баштаган.
  • Софроновго орус классикалык адабияты чоң таасир тийгизген.
  • «Ата Мекен» (1912), «Периште жана шайтан» (1914) поэмалары менен «Жакыр Яков» (1914), «Сүйүү» (1916), «Манчарлар» (1920), «Турмуш тозогу» (1921) пьесаларында революцияга чейинки якут турмушун, падышалык жана жерг. эзүүнү сүрөттөп, сынчыл реалист, демократ агартуучу катары таанылган.
  • Революциядан кийин якут улуттук театрын негиздеген. Якуттун советтик туңгуч «Манчары» деген газетасын жана «Чолбон» журналын редакциялаган.

Якут АССР БАКка мүчөлүккө шайланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.