Сох өрөөнү

Википедия дан

Соң өрөөнү - Алай кырка тоосунун батыш бөлүгүндө (түн. капталында) түштүктөн түндүккө созулуп жатат.

Баш жагы үч айрыктан — Кожашкан, Арчабашы, Актерек өрөөндөрүнөн турат. Өрөөндүн Зардалыдан Канигутка чейинки бөлүгү (уз. 85 км) деңиз деңг. 1700—1800 м, баш жактары (Кожашкан, Арчабашы, Актерек) 1800–3500 м бийикте жатат. Тегерегиндеги тоолор өрөөндүн таманынан 1500–2700мге көтөрүлөт. Капталдары тик, аскалуу, палеозойдун сланец, акиташ, гранит-диорит тектеринен турат. Зардалы кыш-нан төмөнүрөөк капчыгайга (тангиге) айланат. Жалпысынан С. ө. Кожашкандын башаттарынан чатына чейинки 145 км аралыкта 3900 м бийиктиктен 700 мге чейинэңкейиштейт, б. а. ар 1 км аралыкта 22 мге төмөндөйт. С. ө-нүн ортоңку жайык бөлүгү Тескей ж-а Катыраң тоолорунун чети аркылуу өтөт. Катыраң тоолорун батыш жагынан кесип өтүп, өрөөн кайрадан кууштайт. Актурпак кыш-нан төмөн С. ө. Жазы Исфара-Лякан түздүгүнө өтөт. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 19–25°С, январдыкы –2...—16°С. Жылдык жаан-чачыны 200–600 мм. Өрөөн аркылуу Сох суусу ж-а анын куймалары агып өтөт. Өрөөндүн төмөнкү түзөң ж-а адырлуу бөлүгүн (500–800 м бийиктикте) чөл ж-а жарым чөл (шыбак, баялыш ж-а эфемер өсүмдүктөрү өсөт), андан жогору 1300 м бийикке чейин кургак талаа (эфемер, шыбак, таргыл, буудайык, өлөң чөп басымдуу; мисте кездешет), 1300–1800 м бийикте буудайык-түркүн чөптүү талаа, 1800–3000 м бийикте бетегелүү талаа, 3000–3500мде субальп шалбаалуу талаа (бетеге, төөтапан ж. б., сейрек өскөн жапалак арча), 3500–3900 м бийиктикте альп, шалбаа, 3900 мден жогору жагын гляциалдык-нивалдык ландшафттары ээлейт. Айрым мөңгүлөрдүн (Матча) этеги 2700–2900 мге чейин түшөт. Төмөнкү бөлүгүндөгү түз аймактар да тамеки, жаан-чачындуу жеринде кайрак эгин (буудай, арпа) эгилет. Тоо ландшафттары (шалбаалуу талаа, талаа) негизинен жайытка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2