Социалдык кепилдиктер
Социалдык кепилдиктер - коомдун мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык укуктарынын ишке ашуусун камсыз кылуучу материалдык жана юридикалык каражаттар.
Эмгекке, эс алууга, турак-жайга, акысыз билим алууга жана медициналык жардамга, карылыкта материалдык жактан камсыз болууга жана ишке жөндөмдүүлүгүн жоготкон учурда ж.б. болгон укуктар. Социалдык кепилдиктертер социалдык саясат менен камсыз кылынат. Социалдык кепилдиктертин көпчүлүк түрлерүнүн материалдык негизи катары мамлекеттин жана ишканалардын социалдык фонду саналат - улуттук кирешенин бир бөлүгү, коомдун мүчөлөрүнүн социалдык артыкчылыктуу суроо-талаптарын социалдык камсыз кылууга жана акысыз же жеңилдетилген негизде (билим берүүдө, ден-соолукту сактоодо ж.б.) канааттандырууга багытталган. Социалдык кепилдиктертин өзгөчө түрү болуп - мыйзамдуу бекитилген социалдык жеңилдиктер, б.а. калктын белгилүү бир катмарына (Мис., эмгек жана жашоо шарты начар) көрсөтүлүүчү өзгөчө социалдык укуктар жана мүмкүнчүлүктөр; ошондой эле аялдар, жаштар, майыптар, карылар сыяктуу социалдык-демографиялык топтор.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8