Социалдык сапаттар

Википедия дан

Социалдык сапаттар – адамдык тажрыйбанын, адамдардын биргелешкен же жеке ишмердигинин жыйындысы, алардын ар кандай комбинациялары, композициялары, синтездери. Социалдык сапаттар адамдардын ишмердүүлүгүнүн шарттарында, чөйрөлөрүндө, куралдарында жана аспаптарына ишке ашат. Аталган сапаттар адамдардын жеке болмушунан, алардын жөндөмдүүлүктөрүнөн, керектөөлөрүнөн, ыктарынан, эптеринен, билимдеринен, алардын жүрүм-туруму менен алакаларына мүнөздүү болгон формалардан да көрүнөт. Адамдардын болмушу менен тике байланыштуу болгондуктан, социалдык сапаттардын маңызы нерселер, социалдык предметтер аркылуу ачылат жана ишке ашат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8