Социал-демократия

Википедия дан

Социал-демократия - бүгүнкү күндөгү солчул күчтөрдүн маанилүү курамдык бөлүгү.

«Социал-демократия» термини XIX к. акырында Европада жумушчу табынын партияларынын түзүлүү мезгилинде пайда болгон. 1918-23-жж. жумушчу социалисттик интернационалдын катарында Социал-Демократиянын реформисттик агым катары идеялык-саясий жана уюштуруучулук калыптануусу болуп өткөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Социал-демократия көпчүлүк өлчөмдө капиталисттик коомдун парламенттик саясий системасына интеграцияланган. Көп өлкөлөрдө ал мындай система менен бийлик механизминин функция кылуусун камсыз кылуучу күчкө айланган.

1951-ж. Социал-демократиянын Франкфурт-на Майнедеги эл аралык конгрессиндеги Социалдык интернационал - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көптөгөн саясий партиялары мүчө болгон, Социал-демократиялык кыймылдын эл аралык уюму негизделген.

Дээрлик бардык социал-демократтык партиялар анын мүчөсү болушат. Бирок алардын кандайдыр бир бөлүгү башкача апарды алып жүрүшөт (социалисттик, лейбористтик, жумушчу, эмгекчилердин партиясы). Социнтернге толук укуктуу мүчөлөрдүн статусуна ээ 52 партия жана консультативдик статусу бар 16 партия кирет. Социнтерндин мүчөлөрү болуп «тектеш уюмдар» - аялдардын социалисттик интернационалы, жаш социалисттердин эл аралык союзу, Агартуунун Социалисттик интернационалы да кирет. Социал-демократиянын ээлеген позицияларынын бекемдиги 60-70-жж. объективдүү абалдын социалдык ийкемдүүлүк саясатын ишке ашырууга ыңгайлуу болуусу менен шартталат. Социал-демократия бул саясаты ийгиликтүү ашырууга жөндөмдүү болгондуктан, калктын көпчүлүк бөлүгү аларды ээрчиген өлкөлөрдө Социал-демократиялык партиялардын бийликте турушуна олуттуу түрдө эч ким каршы болгон змее. Өз кезегинде, бул саясаттын өзү Социал-демократиянын сакталышын гана эмес, массалык колдоолорунун кеңейишин камсыз кылган.

70-жж. ортосунда көптөгөн социал-демократтык партиялар тарабынан согуштан кийинки жылдары теориялык жана практикалык ишмердүүлүктүн негизине салынган маанилүү постулаттарды кайра баалоо жүргүзүлгөн. Өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдөгү коомдук түзүлүштү мактоо, алгач ирет сактык менен, кийин курч сынга алуу менен алмашкан. Профсоюздарда иштешкен социал-демократтык функционерлер күжүрмөн жүрүм-турумга өткөн. Капитализмдин өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөр 80-жж. башында күч алган. 80-жж. экинчи жарымында башталып, азыркыга чейин бүтпөгөн жаңы идентификациялоону издөө процессинде, социал-демократтык кыймылда эки негизги багыт бөлүнүп чыккан.

Саясий публицистикада аларды кебүнчө модернисттик жана традиционалдык деп аташат. Бул эки багыт тең реформисттик агымга тиешелуу, ошону менен алар өзүлөрүн революциячыл кыймылдарга каршы коюшкан. Алар өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдөгу коомдук-экономикалык жана саясий системаны буга чейин адамзат тарыхында болуп өткөн системалардын эң рационалдуусу деп таанышат. Ошол эле мезгилде багыттардын экөө тең чындыкка неоконсервативдик мамиле жасоо менен бирге ага негизделген экономикалык жана социалдык саясаттын жагымсыздыгын белгилешет. Социал-демократиянын бүгүнкү күндөгү эки багыты тең өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдүн экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүсүнүн неоконсервативдик моделине алыпернаттдик — неоконсерваторлор сунуш кылгандан социалдуурак, гумандуурак моделди каршы коюуга өзүлөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн жарыялашат. Традициялык багыттагы партияларга мурунтан эле өнөр жайлык жумушчу табы, профессионалдык союздар жана жумушчу кооперативдик кыймылдар менен тыгыз байланыш мүнөздүү. Алар эреже катары, эмгекчилердин кызыкчылыктары үчүн экономикалык жана саясий күрөштүн туруктуу салттарына ээ болуп, өз өлкөлөрүндөгү саясий маданиятта кубаттуу, терең тамыр жайган. Экинчи багыт - модернисттик жумушчу табы, профессионалдык уюмдар менен анча тыгыз байланышпаган партияларды жана партиянын ичиндеги топторду бириктирет. Жумушчу табынын колдоосу үчүн курч атаандаштык шарттарында, модернисттик агымга кошулган партиялар өзүлөрүнүн табигый социалдык базасынан тышкары таасирге ээ болууга умтулушат. Бара-бара өнөр жай жумушчуларынын кызыкчылыгын коргоо бул партиялар үчүн маанилүү болуудан калат да, алар өндүрүштүн жаңы тармактарында эмгектенишкен акыл эмгегинин кызматчыларынын топторуна, илимий-техникалык жана гуманитардык интеллигенциянын ортоңку катмарына (технологиялык революциянын зарылчылыктар менен тыгыз байланышкан) багытталган уюмдарга кайрадан уюмдашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8