Сурен Спандарян

Википедия дан
Спандарян Сурен Спандарович‎»‎ барагынан багытталды)

Спандарян Сурен Спандарович (3 (15). 12. 1882, Тбилиси - 11(24). 9. 1916, Красноярск) - Россиядагы революциялык кыймылдын ишмери, армян адабиятынын сынчысы, публицист.

  • 1901- жылдан Компартия мүчөсү.
  • Юристтин үй-бүлөсүнөн.
  • Москва университетинен окуган, жумушчулар арасында пропагандалык иш жүргүзгөн.
  • 1905-07-жылдардагы революцияга катышкан. РСДРП- нин Кавказ союздук комитетинин мүчөсү.
  • 1907-жылдан РСДРП Баку комитетинин мүчөсү.
  • 1910-жылдан Тбилисиде иш жүргүзгөн.
  • РСДРПнин бүткүл россиялык 6-(Прага) конференциясында РСДРПнин жана анын Орус бюросунун мүчөлүгүнө шайланган.
  • 1906- 12-ж. «Кайц» («Учкун»), «Нор Хоск» («Жаңылык»), «Гудок», «Бакинский пролетарий» ж. б. газеталарга кызматташкан.
  • 1912-ж. мартта камалып, Сибнрге айдалган; ал жакта революциялык ишмердигин уланткан.

Спандарян - эстетика боюнча, М. Горький, А. Акопян ж. б. жазуучулардын чыгармачылыгы жөнүндөгү ада- бий сын макалалардын жана эмгектердин автору.

Адабияттын партиялуулугу жана элдүүлүгү жөнүндөгү лениндик принципти жактап, ындыны өчкөн реакциячыл адабиятка каршы чыккан. В. Г. Белинский, А. И. Герцен, Н. Г. Чернышевский, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов, Т. Г. Шевченко, А. Ширванзаделердин мурастарын жогору баалаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.