Спектр

Википедия дан

Спектр (лат. spectrum - көрүнүш, образ) физикада - физикалык чоңдуктун түрдүү маанилеринин жыйындысы.

Спектр үзгүлтүксүз жана дискреттүү (үзгүлтүктүү) болушу мүмкүн. Спектр түшүнүгү көбүнчө термелүү процесстеринде (үн Спектр, термелүү Спектр, оптикалык Спектр) колдонулат. Термелүү Спектри - берилген татаал термелүү кыймылы ажыратылган жөнөкөй гармоникалык термелүүлөрдүн жыйындысы.

Математикалык түрдө алганда мындай кыймыл жыштыгы со болгон f(t) гармоникалык эмес мезгилдүү функция түрүндө жазылат. Бул функцияны бир нече гармоникалык функциялар түрүндөгү Спектрлерге ажыратууга болот.

Оптикалык Спектр - электр-магнит толкундарынын инфракызыл, көзгө көрүнгөн жана ультракызгылт көк диапазондорунда нур чыгаруу Спектри. Бул Спектрлер нур чыгаруу, жутулуу, чачыроо жана чачылуу Спектрлери болуп айырмаланат. Ядро физикасында Спектр түшүнүгү массанын, импульстун, энергиянын, ылдамдыктын Спектри деген мааниде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.