Спелеология

Википедия дан

Спелеология (гр. spelaion - үңкүр жана ...логия) - үңкүрлөрдү изилдөөчү илим.

Пайда болушун, морфологиясын (түрүн), микроклиматын, суусун, өсүмдүгүн, азыркы кездеги же байыркы үңкүр фаунасын, таш доорунда жашаган адамдардын материалдык маданиятынын калдыктарьш, үңкүр бетиндеги сүрөттөрдү, азыркы пайдаланылышын изилдейт.

Спелеология 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Спелеологияга негиз салуучулар француз илимпозу Э. А. Мартель, австриялык окумуштуулар А. Шмидль, Ф. Краус ж. б. болушкан.

Эң чоң үңкүрлөр карст кубулушунан - суунун тоо тектерди эритүүсүнөн, тоо тектердин үбөлөнүүсүнөн, дефляция, абразия, суффозия, тектоникалык күчтөрдөн да пайда болот. Спелеология боюнча илимий, спорттук коомдор ж. б уюмдар бар. Эл аралык спелеологиялык союз 1953-ж уюшулган. Спелеотуризм өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.