Спин-офф

Википедия дан

Спин-офф (англ. spin-off) – түзмө-түз которулганда «коммерциялык айлантуу, жандандыруу». Кезинде чыккан белгилүү көркөм чыгармадагы (китеп, компьютердик оюн, комикс жана башка) экинчи планда калган окуянын же каарманынын негизинде тартылган жаңы чыгарма. Тактап айтканда, спин-оффто түп нускадагы чыгарманын орчундуу эмес окуясы же экинчи, үчүнчү пландагы каарман баш каарманга айланат. Мисалга алсак, чаяндар падышасы каарман катары «Мумиянын кайтып келиши» тасмасында башкы ролдо эмес, бирок кийин өзүнчө тасма болуп чыккан. «Икс адамдарынын» спин-оффу – «Росомаха» тасмасы, «Шрек-4түн» спин-оффу – «Өтүкчөн мышык» жана башкалар.