Спин толкундары

Википедия дан

Спин толкундары – 1) магнити иреттүү чөйрөдөгү спиндик тартиби бузулган толкундар.

Ферромагнетиктердин, антиферромагнетиктердин жана ферромагнетиктердин атомдорунун спиндери жана аны менен байланышкан магнит моменттери дүүлүкпөсө, так тартипке келет. Магнит системасынын дүүлүгүү абалы теңсалмактуу абалына карата спиндин четтөөсү менен байланышкан. Атомдордун өз ара аракеттенишинен мындай четтөө чектелбейт, ал эми толкун түрүндөгүсү чөйрөдө таралат. Спин толкундары магнити иреттелген чөйрөдө магнит моменттеринин системасынын жөнөкөй дүүлүгүүсү болуп эсептелет. Туура келген квазибөлүкчөлөрү магнондор деп аталат. Спин толкундарынын бар экенин 1930-ж. Ф.Блох алдын ала айткан. Спин толкундары башка толкундар сыяктуу толкун векторуна (к) көзкаранды жыштык (ω) менен мүнөздөлөт. Бир нече магнит торчо бөлүктүү кристаллдарда дисперсиянын түрдүү закондору бар. Спин толкундарынын бир нече тиби болушу мүмкүн. 2) 1958-ж. В.П.Силин парамагниттүү металлдарда Спин толкундарынын болорун алдын ала айткан, алар 1967-ж. эксперименттен табылган. Магнитсиз металлдардагы Спин толкундары -электрон өткөрүмдүүлүк спиндүү тыгыздыгынын термелүүсү, ал алардын ортосундагы алмашма өз ара аракеттениши менен шартталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]