Спиритизм

Википедия дан
Аллан Кардек.

Спиритизм (лат. spiritus - жан) - жан адам өлгөндөн кийин да жашай берет жана аны менен байланыш түзүүгө мүмкүн деген мистикалык агым.

19-кылымдын орто ченинде АКШда пайда болуп, кийин Батыш Европага тараган. Адам өлгөндөн кийин да жан жашай берет деген түшүнүк байыркы диндерде да орун алган (Анимизм).

Спиритизм бат эле массалык мүнөзгө өтүп, анын өкүлдөрү өлгөн адамдын жаны жашоосун уланта берерин «эксперимент жолу менен далилдөөгө» аракеттенишкен. Спиритизм сеансында үй буюмдарынын кыймылы, музыка аспаптарынын добушу, жарыктын пайда болушу ж. б. кубулуштар өлгөндөрдүн жаны менен байланыш түзүүнүн күбөсү катары көрсөтүлөт.

Батышта Спиритизм боюнча коомдор жана ассоциациялар уюштурулган, газета-журналдар чыгарылат.

Спиритизмдин «теоретиктери»: А. Ж. Дейвис, А. Кардек ж. б. Ф. Энгельс Спиритизмди жалган ишенимдердин жеткен жапайысы деп атаган. Илимпоз-материалисттер Спиритизм менен элдешпес күрөш жүргүзүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.