Спондилоартроз

Википедия дан

Спондилоартроз (гр. spondylos- омуртка жана arthron - муун) - омуртканын майда муундарынын өнөкөт оорусу.

Анын пайда болушуна омуртка тутумунун травмасы же күчүркөнүп калышы, денедеги зат алмашуунун бузулушу ж. б. себепкер.

Спондилоартроздо көбүнчө моюн жана бел омурткаларындагы муундардын ички бети калыңдап, омуртканын четтери өсүп, омуртка тутумунун кыймылы ыңгайсыз болуп калат.

Спондилоартроз улгайган кишилерде, жүк көтөрүүчүлөрдө, дайыма эңкейип кайра турууга байланыштуу жумуш иштегендерде кеп кездешет. Адамдын мойну, бели, буту ооруйт, басууга кыйынчылык келет. Оору рентгендин жардамы менен аныкталат. Дарылоодо физиотерапия, витаминдер, диета ж. б. колдонулат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.