Споротрихоз

Википедия дан

Споротрихоз - адамдын жана жаныбарлардын микоздор тобундагы өнөкөт оорусу.

Адамдын териси, тери астындагы клетчатка, кээде былжыр чел жана ички органдары жараланат. Оору козгогуч тери жарааты, дем алуу жана ичеги-карын аркылуу кирет да, организмге лимфа жана кан менен тарайт. Адамдын колу-бутуна көптөгөн катуу жара чыгып. кийинчерээк жумшарып жарылат. Ички органдарда сепсис сымал өтөт.

Диагноз бактериоскопиялык, гистологиялык жана терини аллергиялык текшерүү менен коюлат.

Дарылоо: иодду калий же натрий, антибиотиктер; анилин боёгу, ихтиол сыйпалат. Профилактика: травмадан кийин терини таза кармоо.

Малдын Споротрихозунун козгогучу тери жарааты аркылуу кирет. Негизинен жылкы, качыр ылаңдайт. Териси, бези дарттанып, жара чыгат. Дарылоо: йоддуу жана сульфаниламиддүү препараттар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.