Стабилитрон

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Стабилитрон (лат. stabilis - туруктуу жана (элек)трон)- өтүп жаткан тогу өзгөрсө да чыңалуусу анчалык өзгөрбөгөн эки электроддуу газ разряддуу же жарым өткөргүчтүу прибор.

Стабилитрон электр тизмегинин берилген бөлүгүндөгү чыналууну туруктуу абалда карман туруу үчүн колдонулат. Газ разряддуу Стабилитрондун иштөө принциби бүлбүлдөө разряды менен таажылуу разряддын касиеттерине негизделген. Бүлбүлдөө разряддуу Стабилитрон коаксиал же жалпак жарыш электрон системасы түрүндө жасалат. Ал бир нече кн/м2 басымда инерттүү газ толтурулган баллонго жайгаштырылган. Жарым өткөргүчтүү Стабилитрон - эки электроддуу кремний прибору. Ал импульс техникасында чыналууну туруктуу чөктөө үчүн жана бир калыпка келтиргич элемент катары колдонулат

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.