Мазмунга өтүү

Сталбек Бактыгулов

Википедия дан
Сталбек Бактыгулов.

Бактыгулов, Сталбек Алтымышович (1954-жыл). Композитор, жазуучу, журналист. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2001), "Даңк" медалынын ээси (2008), профессор , Кыргыз Республикасынын эл артисти (2020).

1954-жылдын 7-октябрында Чүй районунун Кегети айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Музыкага, поэзияга, прозага тартылуусу эрте байкалган. 1968-жылдан баштап мектеп окуучусунун ырлары, этюддары, макалалары райондук жана республикалык газета-журналдарга жарыялана баштаган. Сталбек өз алдынча мандалинде ойногонго үйрөнүп, ага музыка жазууга аракеттенип жүргөн. Мектептин өздүк көркөм чыгармачылыгына катышып, концерттик номерлер менен эл алдына чыгып турган. Орто мектепти бүтүрүп жаткан жаш уландын алдында олуттуу маселе турган эле - мындан ары адабиятты улантуу керекпи же музыканыбы? Адабий чыгармачылык менен өз алдынча алектенсе болорун, ал эми профессионал музыкант болуш үчүн сөзсүз түрдө атайын музыкалык билим керек экениндигин түшүнүп, ал 1972-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын плектр классы боюнча элдик музыка бөлүмүнө кирген. Бир жыл окуган соң ал теориялык бөлүмгө которулат да белгилүү композитор Алтынбек Жаныбековдон композиция боюнча сабак ала баштайт.

1975-жылы республикалык сынакта жаш композитордун "Даярмын" аттуу ыры 1-сыйлыкка татыктуу болот. Мына ошондон тарта анын жигердүү композитордук ишмердүүлүгү башталат.
1976-1981-жылдары Сталбек Бактыгулов Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы КМИИнин композиция бөлүмүндө профессор Мукаш Абдраевдин классында билим алып, ал дүйнөдөн кайткандан кийин доцент Таштан Эрматовдун классында билим алуусун улантат. Мукаш Абдраев өзүнүн окуучусуна сөз менен байланышкан жанрлар боюнча олуттуу мамиле жасаганды үйрөткөн. Ал эми Таштан Эрматович Сталбектин симфония жанрына болгон кызыгуусун ойготкон жана ошол жанрда изденүүгө шыктандырган.
1979-жылдан С. Бактыгулов өзүнүн эмгек жолун В. В. Маяковский атындагы Кыргыз Мамлекеттик Кыз-келиндер институтунда (КЖПИ) окутуучу болуп иштөө менен баштаган (азыркы И. Арабаев атындагы университет).

Анда ал жалпы фортепиано, музыканын элементардык теориясы, сольфеджио, гармония, полифония, кыргыз музыкасынын тарыхы, совет музыкасынын тарыхы, кыргыз эл чыгармачылыгы, кыргыз элдик педагогикасы, музыкалык эстетика, дүйнөлүк маданият ж.б. курстар боюнча сабак берет. Сабактарды керектүү деңгээлде абдан кызыктуу алып барат.
Бактыгулов өзүнө талапты коё билген тажрыйбалуу окутуучу, ал ар бир предметке чыгармачылык менен мамиле кылат. Окутуудан тышкары студенттерди музыкалык маданиятка тартуу жана кыргыз композиторлорунун музыкаларын пропагандалоо боюнча зор коомдук иштерди алып барат. Ал жогорку квалификациядагы адис. Анын композитордук, жазуучулук, журналисттик ишмердүүлүгүндө сиңирген эмгегин жана көп жылдык тажрыйбасын эсепке алынып 1994-жылы кафедранын доценттигине шайлашкан. Ал эми 2004-жылдан тарта ал кафедранын профессору.
1989-жылдан баштап өзүнін негизги ишинен тышкары Айтматов клубунун музыкалык секциясын (бөлүмүн) жетектейт. Композитордун чыгармачылыгын анын кыргыз музыкасы үчүн ачык айкындык каражаттарын жигердүү изденүүсү өзгөчөлөнтүп турат. С. Бактыгулов композитордук техниканын азыркы кездеги ыкмаларына ээ, муну менен бирге ата мекендик мектептин салттарына таянат. Бул жерде багыт алуу үчүн ал Дмитрий Шостаковичтин, Альберт Шниткенин, Гие Канчелинин чыгармачылыктарынан үлгү алат. Чыгармачылыгында өзүбүздүн фольклор менен, элдик оозеки чыгармачылыктын салттары менен болгон байланыш даана байкалат. Ошону менен бирге анын чыгармаларында элдик музыканын интонациялык тили жана акыл ой түзүлүштөрү - азык берген чөйрө болуп саналат. Ошонун аркасында азыркы техниканын формалдуу жактары жана принциптери өзүнчө жана кайталангыс өзгөчөлүктөргө ээ болгон.

Анын «Балдар альбому», фортепианолук сонатасы, сонатинасы, фантастикалык бийи, экспромту, скерцосу Москвада, Бакуда, СанктПетербургда, Израилде, Голландияда, Индияда, Казакстанда Өзбекстанда, Азербайжанда, Арменияда, Литвада жана Латвияда аткарылган.
1982-жылы II республикалык жаштар чыгармачылыгынын жумалыгында И.Исаковдун сөзүнө жазылган «Октябрь таңы» аттуу ыры III сыйлыкты, ошол эле жылы автордун өзүнүн сөзүнө жазылган «Гүлдөгөн Кыргызстаным» аттуу ыры республикалык сынакта II сыйлыкты, 1984-жылкы сынакта автордун сөзүнө жазылган «Ленин ата» аттуу ыры жана Б.Абакировдун сөзүнө жазылган «Туулган жерим мекеним» аттуу кантатасы II жана III сыйлыктарды, 1986-жылы чыгармачыл жаштардын III жумалыгында «Түбөлүк оттун жанында» аттуу симфониялык поэмасы Гран-прини, ошол эле жылы эстрадалык ырлардын республикалык сынагында Ш.Дүйшеевдин сөзүнө жазылган «Жаштыгым менин» аттуу ыры II сыйлыкты, 2002-жылы республикалык симфониялык жана камералык-аспаптык чыгармалардын сынагында «Валторна жана фортепиано» үчүн 3 бөлүмдүү сонатасы, чоң симфониялык оркерстр үчүн жазылган «Элегия» жана «Вальсы» III сыйлыкты жеңип алган.
2005-жылы «Ала-Тоо симфониясы» коомдук музыкалык фонду кыргыз композиторлорунун бир катар симфониялык чыгармаларын АКШ өлкөсүнө сынакка жөнөткөн. Көптөгөн чыгармалардын арасынан С.Бактыгуловдун «Үркүн» аттуу № 2-симфониясы андан ары академиялык концерттерде аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп Эл аралык комиссия тарабынан тандалып алынган.

Дүйнөлүк классикалык музыканын шедеврлерин элге кеңири жеткирүү максатын көздөгөн америкалык белгилүү дирижер Чарльз Ансбахердин Кыргызстанга келиши С.Бактыгуловдун гана чыгармачылыгы үчүн эмес бүтүндөй кыргыз музыкалык маданиятынын тарыхы үчүн мааниси зор окуя болду.
2005-жылдын 9-ноябрында А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында Чарльз Ансбахердин жетекчилиги астында П.И.Чайковскийдин «Скрипка жана оркестр үчүн концерти», Л.В.Бетховендин № 5-симфониясы менен катар С.Бактыгуловдун № 2-симфониясы жогорку профессионалдык деңгээлде аткарылды.
С.Бактыгуловдун чыгармачылыгындагы маанилүү орунду анын адабий чыгармачылыгы да ээлейт. Ал музыка дүйнөсүнө адабият аркылуу келген жана бул жанрга олуттуу мамиле жасайт. Мунун күбөсү катары окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон анын 2 аңгемелер, повесттер, новеллалар жыйнактарын атасак болот.

Композитордун көп кырдуу, жемиштүү ишмердүүлүгү кыргыз маданиятынын тарыхында көрүнүктүү изин калтырды. Симфонизмдин кыргызча салттуулугун улантуучу композиторлордун бири, эч кимге окшобогон оригиналдуу чыгармачылыгы менен музыкада жана адабиятта талыкпастан изденип, жана эмгектенип келе жаткан композитор, жазуучу, журналист, көрүнүктүү мугалим.
Ошол эле учурда симфониялык, камералык-аспаптык чыгармалардын, кино жана драмалык спектаклдердин музыкаларынын, ырлардын жана хорлордун адабий чыгармалардын автору. Сталбек Бактыгуловго ачык демократиялуу чыгармачылык багыт мүнөздүү. Ал жаратылышынан кылдат байкагыч таланты менен замандаштарынын жан дүйнөсүндөгү тигил же бул абалдарды туюу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Ошол таасирлерди ал музыкалык жана адабий чыгармаларында эң сонун айкалыштырып өлбөс чыгармаларды жаратып келет.

  • 1984-жылдан СССР композиторлор Союзунун мүчөсү.
  • 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү.
  • 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү
  • 1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү.
  • 1994-жылдан Эл аралык Айтматов академиясынын академиги,
  • 1994-жылдан И. Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университеттин доценти.
  • 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги.
  • 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
  • 2004-жылдан И. Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин профессордун милдетин аткаруучу.
  • 2004-жылдан Эл аралык Айтматов сыйлыгынын ээси.
  • 2008-жылы "Даңк" медалынын ээси.
  • 2010-жылдан И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин профессору.

2010-жылдан Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессор, доктору.

2014-жылы КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы тарабынан маданият жана искусствого кошкон зор салымы үчүн ардактуу төш белгиси менен сыйланган.

2014-жылы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен композитор Сталбек Бактыгуловго Кыргыз Республикасынын эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылды.

НЕГИЗГИ ЧЫГАРМАЛАРЫ:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

САХНАЛЫК ЖАНР:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. "Күмүш камчы". Т. Касымбековдун "Келкел" романы боюнча жазылган бир актылуу балет. Бет ачары 2002-жылдын 30-майында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялуу опера жана балет театрында болуп өткөн.
2. «Курманжан Датка» 4 актылуу балет. 2010-ж.

СИМФОНИЯЛЫК ЧЫГАРМАЛАРЫ:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. № 1-симфония (1981-ж. 2-редакциясы 1989-жыл)
2. № 2-симфония (1983-ж. 2-редакциясы 1991-жыл)
3. № 3-симфония (1896-ж. 2-редакциясы 1992-жыл)
4. № 4-симфония (1998-жыл)
5. "Жаңыл Мырза" симфониялык поэма (1979-ж.)
6. "Түбөлүк оттун жанында" симфониялык поэма (1982-ж.)
7. "Эскерүү" симфониялык поэма (1983-ж.)
8."Кыямат" прологу жана эпилогу менен 4 бөлүмдөн турган № 1-сюита, Ч.Айтматовдун романы боюнча жазылган.
9."Эр Табылды" 3 бөлүмдөн турган № 2-сюита, кенже эпос боюнча жазылган (1988-ж.)
11. "Вальс" № 1. (1987-ж.)
12. "Марш" (1989-ж)
13. "Лирикалык вальс" № 2. (1989-ж.)
14. "Өмүр - көз ирмем" баллада (1990-ж)
15. Сюита № 3 (1992-ж.)
16. "Вальс" № 3. (1994-ж.)
17. "Анданте" (1994-ж.)
18. "Обон" (1994-ж.)
19. "Ыр" (1994-ж.)
20. "Элегия" (1996-ж.)
21. "Симфониялык оркестр үчүн" 4 пьеса (2000-ж.)
22. "Мен өлбөймүн" патетикалык поэма (2003-ж.)

ВОКАЛДЫК-СИМФОНИЯЛЫК ЧЫГАРМАЛАРЫ:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. "Кандай аял тууду экен Лениндей уулду" Вокалдык симфониялык поэма. Сөзү Т. Сатылгановдуку (1984-ж.)
2. "Кыргыз жери - Мекеним". Б. Абакировдун сөзүнө жазылган кантата. (1995-ж.). 1999-ж. редакцияланган)
3. "Кыргыз жерин даңктаймын". Н. Алымбековдун сөзүнө жазылган кантата (1995-ж. 2-редакциясы 2000-ж.).

КАМЕРАЛЫК-АСПАПТЫК ЧЫГАРМАЛАРЫ:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. № 1. Фортепиано үчүн соната (1977-ж.)
2. № 2 (1979-ж.)
3. № 3 (1980-ж.)
4. Валторна жана фортепиано үчүн 3 бөлүмдөн турган чоң соната (1982-ж.)
5. Фортепиано үчүн сонатина (1981-ж.)
6. Скрипка жана фортепиано үчүн романс (1981-ж.)
7. Фортепиано үчүн балдар альбому (1981-ж.)
8. Скрипка, виолончел жана фортепиано үчүн 6 вариация (1975-ж.)
9. 2 фортепиано үчүн "Легенда" (1982-ж.)
10. "Табышмактар дүйнөсүндө" Фортепианолук миниатюралар цикли. 18 пьеса. (1985-ж.)
11. "Фантастикалык бий" (фортепиано үчүн, 1987-ж.)
12. "Эскерүү вальсы" (фортепиано үчүн, 1987-ж.)
13. "Экспромт" фортепиано үчүн (1987-ж.)
14. "Ыр" фортепианолук пьеса (4 кол үчүн ,1988-ж.)
15. "Диптих" темир комузчулар ансамбли үчүн эки пьеса (1987-ж.)
16. "Сарказм" (фортепиано үчүн, 1988-ж.)
17. "Скерцино" (фортепиано үчүн, 1988-ж.)

1. "Чиркин өмүр" телевизиондук сериал (40 серия) (2004-жыл)

ДРАМАЛЫК СПЕКТАКЛДЕР ҮЧҮН МУЗЫКА:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. К. Баялинов "Ажар". К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драмалык театрында коюлган (1986-ж.)
2. Ч. Айтматов "Кыямат". М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында коюлган (1988-ж.).
3. Т. Актанов "Эр Табылды". М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында коюлган (1988-ж.)
4. М. Тойбаев "Сыйкырчы кыз". М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында коюлган (1989-ж.).
5. Ч. Айтматов "Кыямат". К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драмалык театрында коюлган (1988-ж.)
6. К. Акматов, Ж.. Кулманбетов "Мунабия" Кыргыз Академиялуу драма театрында коюлган (1989-ж.)
7. Н. Байтемиров. "Өмүр булагы". М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында коюлган (1989-ж.).
8. М. Сейталиев "Алыкулга гүлдесте" К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драмалык театрында коюлган (1989-ж.)
9. Ж. Өзүбекова "Карагыз" Кыргыз Академиялуу драма театрында коюлган (1989-ж.)
10. С. Раев "Күн кармаган бала" М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында коюлган (1991-ж.).
11. Б. Мукаев "Эңсеген түн" М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында коюлган (1991-ж.).
12. О. Айдаров "Кайрылуу" К. Жантөшев атындагы ЫсыкКөл драмалык театрында коюлган (1991-ж.)
13. К. Баялинов "Үркүн" М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында коюлган (1991-ж.).
14. Б. Калчабаева "Кыз-күйөө". К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драмалык театрында коюлган (1991-ж.)
15. М. Гапаров, Г.Гапарова "Бар үмүтүм сенде Сафия Булан" Кыргыз Академиялуу драма театрында коюлган (1992-ж.)
16. С. Раев "мен да, сен да, баарыбыз..." Жаш көрүүчүлөр театры (ТЮЗ) (1993-ж.)
17. О. Айдаров "Кайрылуу" Жаш көрүүчүлөр театры (ТЮЗ) (1993-ж.)
18. М. Булгаков "Зоянын квартирасы". Жаш көрүүчүлөр театры (ТЮЗ) (1994-ж.)
19. С. Раев "Дубал" Искусство институту (1993-ж.)
20. К. Ажимудинов "Эксперимент". М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында коюлган (1991-ж.).
21. Т. Осмонов Айкөлдүн арсар ойлору". Шаршен Термечиков атындагы Чүй драма театры (1995-ж.)
22. Б. Жакиев Улуу үркүн" Жаш көрүүчүлөр театры (ТЮЗ) (2001-ж.)
23. Б. Калчабаева "Аян" Т. Абдымомунов атындагы кырг. улуттук акад. драма театры (2002-ж.)

ВОКАЛДЫК ЧЫГАРМАЛАРЫ:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. "Даярмын" сөзү Д. Кененбаевдики - 1974-ж.
2. "Жеңиш ээси Мекеним" сөзү Г. Момунованыкы -1974-ж.
3. "Солдатмын" сөзү Б. Абакировдуку -1974-ж.
4. "Өскөн жер" сөзү Сүйүн. Кубатованыкы -1988-ж.
5. "Сен деп жүрөм сени билбей" сөзү автордуку -1982-ж.
6. "Кыргызстаным -гүлистан" сөзү автордуку -1982-ж.
7. "Күлгүн курак" сөзү С. Кубатованыкы -1988-ж.
8. "Сенсиң бактым" сөзү автордуку -1988-ж.
9. "Кайрылуу" сөзү С. Кубатованыкы -1988-ж.
10. "Демократтардын маршы" сөзү С. Кубатованыкы- 1993-ж.
11. "Кылчактайм неге артыма" сөзү автордуку -1988-ж.
12. "Мекендештердин маршы" сөзү С. Кубатованыкы -1993-ж.
13. "Жаштыгым менин" сөзү Ш. Дүйшеевдики - 1986-ж.
14. "Сагындым сени" сөзү автордуку -1985-ж.
15. "Апама" сөзү Д.Жамансартованыкы -1985-ж.
16. "Сага" сөзү С. Кубатованыкы -1988-ж.
17. "Өмүрлөшүмө" сөзү С. Кубатованыкы -1988-ж.
18. "Бар бол балам" сөзү С. Кубатованыкы -1988-ж.
19. "Өтүнүч" сөзү автордуку -1984-ж.
20. "Сенин күлкүң" сөзү К. Курманбаевдики -1983-ж.
21. " Барсыңарбы досторум" сөзү Ш. Дүйшеевдики -1986-ж.
22. "Алпештейм өскөн жеримди" сөзү Ш. Дүйшеевдики -1986-ж.
23. "Үмүт" сөзү автордуку -1979-ж.
24. "Ленин туусу" сөзү С. Медетбековдуку -1979-ж.
25. "Куурчагым" сөзү С. Кубатованыкы -1988-ж.
26. "Көп жашагын энеке" сөзү аторрдуку -1982-ж.
27. "Жакшынакай баламын" сөзү Д. Жунушевдики - 1988-ж.
28. "Атаганат" сөзү автордуку -1987-ж.
29. "Кырчын Кычан" сөзү Д. Жунушевдики.-1988-ж.
30. "Жаштык шаарым" сөзү Ж. Жапиевдики.-1985-ж.
31. "Бар болгула досторум" сөзү автордуку.- 1989-ж.
32. "Сен дегенде" сөзү Н. Алымбековдуку.-1995-ж.
33. "Сапардагы ыр" сөзү С. Кубатованыкы.- 1993-ж.
34. "Биздин тилек" сөзү Н. Алымбековдуку.- 1995-ж.
35. "Арманда кетти бир аккуу" сөзү Н. Алымбековдуку.-1996-ж.
36. "Кыйбасым" сөзү Н. Алымбековдуку.- 1996-ж.
37. "Тагдырга кайрылуу" сөзү Н. Алымбековдуку.-1997-ж.
38. "Мен сенсиз жашай албайм". сөзү Н. Алымбековдуку.-1997-ж.
39. "Кайрылуу" сөзү автордуку.-1998-ж.
40. "Кел жаңы жыл".сөзү С. Кубатованыкы.-2000-ж.
41. "Ак тилек" сөзү С. Кубатованыкы.- 2000-ж.
42. "Коломто" сөзү А. Абжапаровдуку - 2000-ж.
43. "Армандуу вальс" сөзү автордуку.-2002-ж.
44. "Арзуу" сөзү автордуку.- 2002-ж.
45. "Көктөм сулуу жаз" сөзү М. Мукашевдики (2002-ж.)
46. "Жан досум" сөзү М. Мукашевдики (2002-ж.)
47. "Жүрөк сыры" сөзү С. Кубатованыкы.- 2002-ж.
48. "Кусалык" сөзү С. Кубатованыкы.- 2002-ж.
49. "Ырдайлы кыргыз ырларын" сөзү С. Кубатованыкы.- 2002-ж.
50. "И. Арабаев атын. Кырг.мамл. пед. университетинин гимни" сөзү Кубат. Жакыповдуку.-2002-ж.
51. "И. Арабаев атын. КМПУга караштуу ОЦКнын гимни" сөзү К. Жакыповдуку.-2001-ж.
52. "И. Арабаев атын. КМПУга караштуу Мамлекеттик тил жана маданият институтунун гимни" сөзү У. Култаеваныкы.-2002-ж.
53. "Республикалык балдар клиникалык бейтапканасынын гимни" сөзү К. Узакбаев жана Б. Ишеновдуку.-2003-ж.
54. "Баладил" сөзү автордуку.- 2003-ж.
55. "Жалгызымсың" сөзү С. Кубатованыкы.-2003-ж.
56. "Мен өлбөйм" сөзү автордуку.-2003-ж.
57. "Кокон хандыгы учурундагы кыздын арманы": дастан, сөзү К. Жакыповдуку.-2003-ж.
58. "Кожомкул балбан фондунун гимни", сөзү К. Жакыповдуку.-2003-ж.
59. "Тай күлүк" (балдар хору), сөзү С. Кубатованыкы.-2004-жыл
60. "Кол кармашып бирге өтөлү", сөзү С. Кубатованыкы.-2005-ж.
61. "Армандашым" сөзү К. Иманалиевдики.- 2005-ж.
62. "Энекебай" сөзү автордуку.-2005-жыл
63. "Экөөбүз" сөзү Каныбек Иманалиевдики (2005-ж.)
64. "Тилеги таза балалык" сөзү Чыныбай Турсунбековдуку (2005-ж.)

ЖАРЫЯЛАНГАН ЧЫГАРМАЛАРЫ:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

На кирг.яз:

«Жизнь и мгновение». Сборник новелл. Фрунзе: Мектеп, 1978; «Клятва». Сборник рассказов и повестей. Фрунзе: Мектеп, 1981. Статьи: «Знакомые напевы» – Ленинчил жаш, 1977, 20 января; «Гранатовый браслет» – Кыргызстан маданияты, 1979, 22 марта; «Нас объединяет любовь к искусству» – Ленинчил жаш, 1986, 28 апреля; «На всегда останется в памяти» – Советтик Кыргызстан, 1986, 29 апреля; «Противоположность чувств» – Ленинчил жаш, 1986, 2 июля; «Где же вы композиторы» – Ленинчил жаш, 1986, 25 октября; «Сочинять музыку – счастье» – Комсомолец Киргизии, 1986,11 ноября; «Буурул тін». Рассказ – Ленинчил жаш, 1987, 22 август; «…жан дүйнөнүн ачкычы» - Жаш ленинчи, 1989, №11, стр.22-24; «Жаштык демөөр барсыңбы?» – Кыргызстан маданияты, 1987, 16-апреля, №16, стр.3; «Кереметтин керемети» – Кыргызстан маданияты, 1987, 24-сентября, №39,стр.6; «Музыка кайдан жаралган?» – Жаш ленинчи, 1989, №6, стр.16-17; Учкул сөздөр – Чалкан, 1987, №2, стр6; «Өнөр достукка өбөлг» – Сов.Кыргызстан, 1988,10 июня; «Опера – менин өмүрүм» – Ленинчил жаш, 1988, 9 июля; «Аманат кат». Новелла – Кыргызстан аялдары, 1977, №12, стр.22; «Даярмын» – Всб. Чыгармачылык сахнасы, №2, стр.5-6; «Жандырмыксыз табышмактар». «Менин жаркын адамым». «Менин бактым тоолордо». Рассказы - Ала-Тоо, 1979, №4, стр.115-127; «Кайда кеттиң кайдасың»(жеткиликсиз шилтеме). «Туулган жерди сагындым». Песни-Ленин жолу (Чуй), 1977, 9 апреля; «Карабадың». «Максатыма». Стихи – Ленин жолу (Чуй), 1977, 23 июля; «Тамшанткан талантыңарга ырахмат» – Сов. Кыргызстан, 1986, 29 июня; «Кумарым сенден тарабай». Песня – Ленинчил жаш, 1977,29 января; «Мекениме». Песня с нотой – Кыргызстан маданияты, 1982, 14 января, №3, стр.13; «Мен киммин?» Стихи – Ленин жолу (Чуй), 1981, 19 сентября; «Наристе үнү». Навелла – Ленин жолу (Чуй), 1977, 15 март; «Наристем». Песня с нотой – Ден соолук, 1976, №6; «Небере». Рассказ – Кыргызстан пионери, 1978,1-сентября; «Нурила». Новелла – Ленинчил жаш, 1977, 23 июль; «Өрүш алган өнөр» – ленинчил жаш, 1979,18 август; «Өскөн жер» Песня с нотой – Жаш ленинчи, 1987, №2, стр. 33; «Полонез». Новелла – В кн.; Тоо булагы. Ф, 1981, стр. 64-80; «Сагынам». Песня – Ленин жолу (Чуй), 1979, 27-ноября; «Соната». Новелла – Кыргызстан маданияты, 1977, 1 янв. Стр. 17; «Сапар изи карыбайт». – Кыргызстан маданияты, 1988, 28 апр, №18, стр.14; «Таасын сөздөр» – Ленин жолу (Чуй), 1977, 3 сент; «Талант ээлери» – Сов.Кыргызстан, 1977, 30 июль; «Тамашалуу кат». Новелла – Ленин жолу (Чуй), 1979, 20 октябрь; «Учкул саптар»- Кыргызстан маданияты. 1982, 7 январь, 32, стр. 16; «Эл сүйгөн обондор» – Кыргызстан маданияты, 1977, 20 январь, стр. 5; «Энекебай». Песня с нотой – Кыргызстан пионери, 1987, 7 авг.»Үзүлбө үмүт» – Кыргызстан маданияты, 1992, 5нояб., №45; «Ак Саткын менен Кулмырза» – Сов. Кыргызстан, 1988, 15 янв.; «Искусство дилибизди жакындатат» – Ленинчил жаш, 1977, №77; «Жакшынакай баламын». Песня с нотой – Кыргызстан пионери, 1986, 25 март; «Манас – биздин асыл нарк» – Кыргызстан маданияты, 1995, 13 апр., №6, стр.7; «Берчи мага жарым кашык музыка» – Кыргыз Туусу, 1994, 22 декабрь; «Ариеттин» арымы – Ленинчил жаш, 1987, 1-май; «Көңүлдө калды көп элес» – Сов.Кыргызстан, 1986, 29 июнь, «Энекем менин ырым» - Асылзат, 9-мая 2007-г.

«Кукушка». «Караван» - В сб: Детские пьесы композиторов Киргизии.Н: Сов. Композиторов, 1984, стр. 40-43; «Токкатина». «Прелюдия». «Сарказм»- В сб: Концертные пьесы композиторов Киргизии; «Интермеццо». «Фантастический танец»- В сб: Сов.композиторов –детям: Пьесы для фортепианно, вып.- 17, Москва; «Наристем»- В кн: «Ыр менен жолугушу»- Ф: Кыргызстан, 1987, стр.116; «Мамалагым куурчагым» Песня (слова С.Кубатовой). – В сб: Ырда бобок, Ф: Адабият, 1991, стр.60; «Сен дегенде» песня – в сб. Кербез 1, 1996, стр.25; «Ата Мекен». «Марш»песня –в сб: Ата Журт- милдет,эрдик. Бишкек, 1998, стр. 40-41; «Бизди эртендер чакырат»; «Жан досум» - в сб. Ата Журт –эрдик, милдет. Бишкек, 1998,стр.42-43; «Биздин максат». Песня – Кыргызстан пионери, 1988, 25 март; «Өскөн жер». Песня- Жаш ленинчи, 10987, №2, стр.33; «Энекебай».песня –Кыргызстан пионери- 1987, 7-август; «Сапардагы ыр» (слова С.Кубатовой) – в сб. Кербез-2, Бишкек, 1997; «Биздин максат» песня с нотой – Байчечекей, 1989, №1, стр.4; «Наристем» песня с нотой – Ден соолук, 1976, 6-июнь; «Куурчагым» песня с нотой – Ленинчил жаш (Кыялкеч), 1988, 1-сентябрь; Музыка 2- класс «Кербен», «Чоң энемдин жомогу»- 1987, изд. «Мектеп». «Жырткыч» новелла-жомок, «Армандашым» слова К. Иманалиева журнал «Кербез» № 1, 2005-г., «Эскерме вальсы», «Ой толгоо» в кн: «Кыргызстан композиторлорунун фортепианолук чыгармалары», 2006-г.

БИБЛИОГРАФИЯ:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айдаров Ч. «Добрый путь» - Кыргызстан маданияты, 1978, 28-марта; «Отношение к музыке» - Кыргызстан маданияты, 1986, 30- октябрь;Б. Аркеев «Где его счастье?» - Ленинчил жаш, 1986, 25-сентябрь; Байжигитов К. «Первый шаг» - Ленинчил жаш, 1978, 16- ноябрь; Боркеев Б. «Труд приносит вдохновенье» - Кыргызстан маданияты, 1982, 2-декабрь; «Стремление вперёд» - Кыргызстан маданияты, 1986, 1-октябрь; Караев О. «Доброе пожелание» - Кыргызстан маданияты, 1978, 17-ноябрь; Кирсанова Э. «Композиторы- детям» Фрунзе, Мектеп, 1980, стр. 54-55; Колосова Л. «Девиз: ни дня без отдыха» - Комс.Киргизии, 1982, 7-ноября; Кадыров Ы. «Жизнь и мгновенье» - Кыргызстан маданияты,1979,6-декабрь; А.Рыскулов «Напевы» - Ленинчил жаш, 1977, 29-январь; «Күчубүз биздин достукта» - Ленинчил жаш, 1988, 9-февраль; Курманбаев К. «Ден соолукка дем берет» - Ден соолук, 1989, №3,стр. 9-10; «Полонез 18 жашымда жарык көрдү эле» - Кыргыз туусу, 1999, 6-8-апрель, стр.13; Маткеримов Б. КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер Сталбек Бактыгулов: «Жарамазан айткан балдардын жан дүйнөсүнө жаным ачыйт» - Кыргыз Туусу, 2001, 14-17-декабрь,стр.10; Сарысейитов С. «Берчи мага жарым кашык музыка» - Кыргызстан маданияты, 1990, 9-август, №32, стр.7; Асель Сталбек кызы. Сталбек Бактыгулов: «Музыканы сүйгөн адам жамандык кыла албайт» - Асаба, 2000, 24-март, стр.10; ТВ. «Музыкалык жолугушуу». Композитор С.Бактыгулов – Эфир. 1998, 18- сентябрь; Сталбек Бактыгулов – Агым, 2002, 6-декабрь, стр.13; Кузнецов А. «Музыка живое дыхание» - Комс.Киргизии, 1987, 29 апрель; Калдаров Э. «Берчи мага жарым кашык музыка» - Сов.Кыргызстан, 1987, 19-апрель; Боркеев Б. «Изденүүнүн оош-кыйышы» - Кыргызстан маданияты, 1982, 2-декабрь; Айдаров Ч. «Ишенимдүү тилек» - Кыргызстан маданияты, 1978, 23-март, стр.10; Касымбеков У. «Новелла жана новеллалар» - Кыргызстан маданияты, 1981, 19-ноябрь, стр.14-15; Байжигитов К. «Кайчылаш жолдор» - Кыргызстан маданияты, 1981, 10-сентябрь; Композитор Сталбек Бактыгулов – Эфирде Кыргызстан, 1986, 6-сентябрь; Кулмамбетов Ж. «Ажар профессионалдык сахнада»- Кыргызстан маданияты; Сатыбалдиев А. «Жаш композиторлордун концерти» - Ленинчил жаш, 1984, 3-апрель; Чотурова Б. «Берчи мага жарым кашык музыка»; Композитор Сталбек Бактыгулов бейнесине сүртүмдөр – Кыргыз Туусу, 1997, 25-27-ноябрь; Батырканов О. «Адам артынан сөз айтканды жаман көрөм» Композитор Сталбек Бактыгулов – Аалам, 1999, 10-16-ноябрь, Сталбек Бактыгулов «Ырчылар уурулукка барышууда» - Жаңы ордо 22-апреля 2005-г., Сталбек Бактыгулов, композитор – Бишкек таймс, 27.01.2006-г.

Макаланын авторлору - А. Пантелерейз, Т. Малышева.
Орусчадан которгон - С.Кубатова.