Стамов Асанбек

Википедия дан

Стамов Асанбек - жазуучу.

Асанбек Стамов Москва районундагы Мураке айылында 1938-жылы 28-августта туулган.
1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факуль-тетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1962-жылы Токмок шаарындагы Токтогул атындагы мектеп-интернатта мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1964–1966-жж. радио-комитетте редактор, улук редактор,
1967 – 1969-жж. Кыргызстан мамлекет-тик басмасынын улук редактору,
1969 – 1971-жж. Кыргызстан КП БКнын аппаратында инструктор,
1971 – 1973-жж. Кыргызстан мамлекеттик басма-сынын директору болуп дайындалган.
1973-жылы Кыргыз ССРинин Маданият министринин биринчи орунбасары,
1985–1987-жж. Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадиокомитетинин төрагасы,
1987-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун көркөм адабиятты пропагандалоо бюросунун директору,
1989-жылы «Чалкан» журналынын редактору,
1992-жылдан пенсияга чыкканга чейин Учкун мамлекеттик концернинин төрагасы болуп иштеген.

Чыгармачылык жолун 1959-жылы «Ала-Тоо» журналына «Ата» деген чакан повестин басуудан баштайт. Биринчи китеби 1966-жылы «Тааны-шуу» деген ат менен «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн. 1975-жылы «Жаңы тууган» аттуу повести үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлы-гынын лауреаты деген наамга ээ болгон.
Чыгармалары негизинен орус ж.б. чет элдик тилдерге которулуп, 1971 – 1989-жж. СССР Жазуучулар союзунун Пленумунун мүчөсү, ошол эле жылдардан тартып такай Кыргыз Жазуучулар союзунун Президиумунун мүчөсү болуп шайланган.
1967-жылы СССР Журналисттер союзунун, 1969-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. СССРдин «Ардак белгиси» ордени жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйлан-ган. 1971–1990-жж. Фрунзе шаардык Эл депутаттарынын кеңешине депутат болуп шайланган. 1985–1990-жж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депута-ты болгон.
1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Манас орденинин кавале-ри. Көп аңгеме, повесттери Москвада басылып, Кыргыз жазуучуларынын антологиясына киргизилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Таанышуу: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 164 б.

Кеч күздө: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 280 б.

Жаңы тууган: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 182 б.

Нөшөрдөн кийин: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 516 б.

Эгиз тал: Повесттер. – Ф.: 1974. – 200 б.

Чүй дастандары: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 492 б.

Ак кар: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1981. – 256 б.

Жол боюнда жалгыз там: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 351 б.

Жортуул: Тарыхый повесттерден турган роман. – Б.: Учкун, 1992. – 320 б.

Эгиз тал: Повесттер. – Ф.: Адабият, 1988. – 415 б.

I том. Кышында чардаган бакалар. 2004.

II том. Эгиз тал. 2007.

Орус тилинде

После ливня: Повести.- М.: Мол.гвардия. 1978.-303с.

Ивы – близнецы: Повести/Пер.с кирг. Л. Лебедевой – М.: Сов. писатель, 1985. – 471 с.

Поздней осенью: Повести /Пер.с кирг. Л. Лебедевой. – М.: Мол.гвардия, 1986. – 288 с.

Три доброделя: Повести. – М. Детская литература, 1992. – 150 с.

Башка элдердин тилдеринде

Новая родня: Повести. – Киев: Молодь, 1980. – укр.

КОТОРМОЛОРУ

Шерфиг Ханс. Кыргыздарга саякат: Жол очерктери. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 96 б.

Шерфиг Ханс. Кыргыздарга саякат: Жол очерктери. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 96 б.