Станалиева Гүлзада Мыктыбековна

Википедия дан

Станалиева Гүлзада Мыктыбековна - адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлзада Станалиева - 1974-жылы 27-мартта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда төрөлгөн. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1999-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Манастаануу жана көркөм искусство борборуна аспирантурага тапшырып, 2008-жылы «1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кыргыз адабиятында чагылдырылышы» аттуу темада диссертациясын ийгиликтүү коргоп, филология илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон.

Ал «1916-жыл кыргыз адабиятында” (2016) деген монографиянын, «Тарых жана адам тагдыры» (2011), «Тарыхты көркөм аңдоо маселеси» (2011), «Тарых чындыгын чагылдырган чыгарма» (2011) аттуу китептердин автору.

Мындан тышкары башка авторлор менен биргеликте жазган «Илимий изилдөө усулдары» (Коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча колдонмо, (2021)), «Коомчулук менен байланышта негизги түшүнүктөр» (кыргыз жана түрк тилдеринде (2020)) жана «Кастык тилинен зомбулуксуз коммуникацияга» (кыргыз, орус тилдеринде) (2023) аттуу окуу-усулдук колдонмолору жарык көргөн.

Түркияда түрк тилинде чыккан “Türk Dünyası Edebıyatı” (2021) жана “Bozkırın Uyanışı CENGİZ AYTMATOV” (2019) аттуу китептерде кыргыз адабияты тууралуу илимий макалалары жарыяланган.

Мындан тышкары ал А.Г.Беспалова, А.П.Короченский ж.б. орус авторлору жазган «Дүйнөлүк журналистиканын тарыхы” (2019) окуу китебин которгондордун бири. Гүлзада Станалиеванын ата мекендик жана чет элдик басылмаларда 40ка жакын илимий макаласы кыргыз, англис, орус жана түрк тилдеринде жарыяланган. Алардын ичинде Web of Science, SCOPUS жана РИНЦ илимий басылма базаларында катталган абройлуу эл аралык журналдарда макалалары жарык көргөн.

Гүлзада Станалиева илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү менен биргеликте көркөм чыгармачылыкта да жигердүү эмгектенип келет. Анын «Иңир» аттуу ыр жыйнагы 2023-жылы чыккан. Ырлары немис, орус, түрк, тажик тилдерине которулган. 2023-жылы "Simurgh. Junge Lyrik aus Kasachstan, Kirgisistan, Tadschikistan, Turkmenistan und Usbekistan" (Симург. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркменистан жана Өзбекстан”) аттуу немис тилинде жарык көргөн антологияга ырлары кирген. Мындан тышкары анын «Кирине», «Түндөгү чыр», «Сексуалдуу көйнөк», «Кымыевдин кармалышы» ж.б. прозалык чыгармалары интернет басылмаларында, басма сөздө жарык көрүп келет. Ошондой эле ал бир катар түрк, өзбек, орус акындарынын ырларын түп нускадан кыргыз тилине которгон.

Г.Станалиева 2009-жылдан баштап Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүндө эмгектенет. Ушул мезгил аралыгында ал өзүнүн текст жазууга үйрөтүү боюнча автордук методикасын иштеп чыккан. Илимий тексттерди, публицистикалык, медиа тексттерин жазууга үйрөтүү боюнча атайын практикалык курстардын автору. Ал Түркиядагы эл аралык илимий изилдөө конгресстин (UBAK) коомдук жана педагогикалык илимдери, илим жана инженердик илимдер боюнча илимий редколлегиясынын мүчөсү (2020) https://ubaksymposium.org/kurullar-sos-ve-egit-b.html Archived 2021-10-28 at the Wayback Machine.

Ошондой эле Кыргызстан коммуникаторлор ассоциациясынын мүчөсү (2016), Бүткүл дүйнөлүк коммуникаторлор ассоциациясынын мүчөсү (WCA) (2017) жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү (2018).

YouTube каналындагы адабиятка жана маданиятка арналган ILHAM KG https://www.youtube.com/channel/UCCkXEqApok9NaqlCoWVWvvw аттуу жеке каналдын негиздөөчүсү жана автору.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун энеси.

Китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жарык көргөн китептери:

  • Станалиева Г. Тарых жана адам тагдыры. – Бишкек: «Аят», 2011. ISBN 978-9967-443-79-2
  • Станалиева Г. Тарыхты көркөм аңдоо маселеси. – Бишкек: «Аят», 2001. ISBN 978-9967-443-83-9
  • Станалиева Г. Тарых чындыгын чагылдырган чыгарма. – Бишкек: «Аят», 2011. ISBN 978-9967-443-88-2
  • Станалиева Г. 1916-жыл кыргыз прозасында. - Бишкек: «Турар», 2016. ISBN 978-9967-15-565-7


Көркөм китептери:

  • Станалиева Г. «Иңир» . Бишкек: «Турар», 2023. Кыргыз тилинде чыккан авторлош болгон китептери:
  • Станалиева Г. «Улуттук-боштондук көтөрүлүш эгемендик мезгилиндеги прозада»- Китепте: Улуттук идея – адабиятта. Түзгөндөр: А.Акматалиев, М.Көлбаева. – Бишкек: «Полиграфбумресурсы», 2017.- ISBN 978-9967-12-707-4.
  • Станалиева Г. «Улуу Үркүндүн баяны бүтпөйт». Китепте: Кылымдар унуткус кыргын. – Бишкек: «Турар», 2017. ISBN 978-9967-15-689-0
  • Станалиева Г. «Узак жолдогу» тарыхый чындык». Китепте: Кылымдар унуткус кыргын. –Бишкек: «Турар», 2017. ISBN 978-9967-15-689-0
  • Станалиева Г., Исаков Б. Токтогулова М. ж.б. Илимий изилдөө усулдары.(Коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча) – Б.: 2021.-261 б. ISBN 978-99-67-04-899-7
  • Станалиева Г., Исманов А., Купуева Г. ж.б. Кастык тилинен зомбулуксуз коммуникацияга (Колдонмо курал). Бишкек: «Турар», 2022 КРдагы ПРООНдун колдоосу менен чыгарылды ISBN 978-9967-35-188-2

Орус тилинде чыккан авторлош болгон китептери:

  1. Станалиева Г., Исманов А., Купуева Г. и др.От языка вражды к ненасильственной коммуникации (Учебное пособие). – Бишкек: «Турар», 2022. – 120 с. ISBN 978-9967-35-188-2 Түрк тилинде чыккан авторлош болгон китептери:
  1. 2. Gülzada STANALİYEVA Ürkün Olayının Kırgız Edebiyatında Yansımaları. Kıtapta: Türk Dünyası Edebıyatı. Anma ve Armağan Kitaplar Dizisi – 7. – Eylül 2021. ISBN 978-605-70786-2-9
  2. 3. Gülzada STANALİYEVA Cengiz Aytmatovun Toprak Ana Romanında Tabiyatın İşleniş Biçimi. Kitapta: Bozkırın Uyanışı CENGİZ AYTMATOV (2019) Daskı ve Cilt Ayrıntılı Basımevi. Ankara

Немис тилинде чыккан китептери:

  1. Anthologie "Simurgh. Junge Lyrik aus Kasachstan, Kirgisistan, Tadschikistan, Turkmenistan und Usbekistan"- 2023. ISBN 978-3-88423-687-1

Которгон китептери:

  1. Беспалова А.Г., Корнилов Е.А., Короченский А.П., Лучинский Ю.В., Станько А.И.Дүйнөлүк журналистиканын тарыхы./Кыргыз тилине которгондор: Б.Орунбеков, Г.Станалиева, Б.Дыйканов. – Бишкек, 2019. – 29,25 б.т.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://www.youtube.com/channel/UCCkXEqApok9NaqlCoWVWvvw